www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын айрым министрлер тоготпой, теңирден тескери иштеп жатышат. Маселен, Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов министрликтеги коррупциялык схемаларды жаап-жашыруунун аракетинде деген нааразычылык күч.

Чындыгында тиешелүү укук коргоо органдары коррупциялашкан мекемелердин башында дал ушул Транспорт министрлиги тураарын эчен ирээт билдиришти. Миллиондогон доллар кумга сиңген суудай жок болуп, мамлекетке ири суммада чыгым келгенин да кашкайган фактылар менен өз отчетторунда белгилешти.

Тилекке каршы, министрликтин жетекчилеринин кылы кыйшайган жок. Мына Жогорку Кеңештин депутаттары күздө түндүк-түштүк жолун текшерүүнү баштаганы турат. Калилов болсо комиссияга кайсы депутаттар кирээрин иликтеп, айрымдарына эмитеден эле жуучу түшүп чуркап жүрөт. Коррупция менен күрөшчү таза адам тоскоолдук жаратып, кылтыңдабай тескерисинче жемкорлуктун ачылышына көмөктөш болмок эле да. Демек Калиловдун арты таза эместиги ушундан эле билинип жатат.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости