www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шабданов Кара-Балтанын "королубу?"

«Замандаш» саясий партиясынын Кара-Балта шаарынын өкүлчүлүгүжергиликтүу тургуңдардын атынан Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу КР Өкмөт башчысына, укук коргоо органдарына кайрылуу жасады.

Айтымда, аталган партиянын регионалдык өкулдөрү Данияр Шабданов тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымга кабылып, коркутууларга кабылып жатышыптыр.

Кайрылуу ээлери «Партия өкүлдөрүнүн ден соолугу жана сактыгы, жакындарынын коопсуздугу коркунучта экенин эске салабыз.Учурунда тийиштүү чаралар көрүлбөсө, жоопкерчилик укук коргоо органдарында деп эсептейбиз» деп да чебелектеп жатышат.

Ал эми бир топ убакыттан бери Кара Балтаны жетектеген Даиияр Шабданов азырынча ак же көк дей элек. Өзүн Кара-Балтанын «королу» сезип алган Данияр Шабдановдун мынча тайраңдап, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканына караганда таянганы күчтүү го. Же Шабданов биздин өлкөдө өзүн мыйзамдан да жогору конюп, күч колдонуу жана кылмыштуу аракеттерге өтүп, өтүгүн төргө иле берүүгө болот деп эсептейби?

Булак: “Де- Факто”

Последние новости