www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, жарнама азыркы жашоонун башкы киреше булагына айланууда. Ааламдын баардык жеринде «Баланча сатып ал да, мындай нерсе утуп ал!» деген жарнама жер жайнайт.

Мындайдан биз да куру эмеспиз. Маселен, "LETS GO" аталышындагы муздак чай чыгарган ишкерлер быйылкы жылы, велосипед баш болгон бир топ кызыктыруучу сыйлыктарды байгеге коюп жарнама кылышты. Сыйлыктары 5-10 даана эмес, жүздөп, миңдеп сзналат. Бирок,<<Ошо миң деген сыйлыкты кимдер утту?>> деген суроого ошолор өздөрү жооп таба алышпайт.

Себеби, ал миңдеген сыйлыктар жөн гана сөз боюнча, бул элди кызыктыруу үчүн гана айтылган ураан-сөрөөн. Элди мындай жеңил шылуундук менен азгырып, капчыктарын кампайткысы келген "LETS GO" өңдөнгөн ишканаларды көзөмөлгө алып, канча байге коюлганын, канчасын кимдер утканын тактап, аларды тескөөчү бирөө-жарым барбы?

Же бизде баары боло береби? Эгер аталган байгелер зэлерине берилбесе жана алар куру гана азыгырыктар болсо анда мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек го акыры.

Болбосо майда нерседен башталган балээлер баардык тармактын башын чаңыткан «ириң» болуп чыга келчү эле.

Булак: “Де- Факто”

Последние новости