www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кения ММКлары маалымдагандай, Бомет аймагына таандык Коноин кыштагындагы 13 жашар кыз мындан 7 ай мурда каргышка калыптыр. Эми анын көргөн күнү курусун, кыз эле эмес, үй-бүлөсүнүн жашоосу тозокко айланган кези.

Кыздын энеси Жозефинанын айтымында, 2018-жылдын январь айында биринчи жолу кызы катуу ооруп ооруканага жеткирилгени менен ал жерден врачтар диагноз кое алышкан эмес. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанса дагы медициналык кароо кыздын ден соолугу жайында экенин көрсөткөн. "Үйгө барганыбызда кызымдын оорусу кайра кармап, көңүлү айнып, кусуп кирчү. Кусканда оозунан киши жебей турган галстук, кашык, а түгүл бир жолу мобилдүү телефон чыккан. Ошондо биз кызыбызга бирөө каргыш жөнөткөнүн түшүндүк. Таң калычтуусу, ал буюмдар жоголуп, качан издеп калганыбызда кызым куса баштачу. Кызымдан эмне болуп жатканын сураганымда аны өңү-башы көрүнбөгөн адамдар муунтарын жана бул жөнүндө эч кимге айтпагын деп коркутушарын билдирди", - дейт Жозефина шуу үшкүрө журналисттерге.

Атүгүл бир жолу кыз мектепке бара албагандыктан экзамендин суроолорун үйүнө жеткизип беришиптир. Эки сааттан кийин тапшырмалар жазылган кагаз жоголуп, аз өтпөй кыз ошол барактарды кусуп кирген экен. Бүгүнкү күндө кыздын мындай абалга жетүүсүнө эмне себеп жана анын артында ким турат деген суроо менен жергиликтүү полиция кызматкерлери иликтөө иштерине киришти. Ал эми ата-эне кызы кайрадан мектепке баруусу жана ден соолугу өз калыбына келүүсү үчүн бардыгына макул, ал гана эмес, каргышты жандырам деген кишиге акча төлөөгө даяр.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости