www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарын былгытып коюуп, өздөрүн сүттөй ак сезген Жогорку Кеңештегилер азыр билмексен болуп жүрүшпөйбү. Өздөрү ала жазда катуу айкырып чыгышкандай, эгер чынында эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо туура эмес келишимдер түзүлүп жатса Кыргыз мамлекетинин элинин атынан (алардын ушундай статусу бар) ал келишимдерди ратификациялоого эмне үчүн макул болушкан?
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кылмыш иши боюнча дагы бир топ кишилерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып, арыз менен кайрылды.
Ал туурасында адвокат Н. Токтакунов мына ушул олуттуу себеп боюнча боюнча мыйзам долбоору каттоого алынгандын эртеси эле Жогорку Кеңештин үч комитети тарабынан жактырылганын далилдүү документтердин негизинде алып чыкты. Ал үч комитет алгачкылардан болуп ошол мыйзам долбоорун, азыркы ТЭЦ чуусунун келишимдерин эч тоскоолдуксуз жактырышкан. Анан, 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш жалпы отурумда үч окуудан тең кабыл алышкан. Ушулардын негизинде Н. Токтакунов жазган арызында мыйзам долбоорун процедураларды бузуу менен кабыл алган Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызмат адамдары менен профилдик комитетинин өкүлдөрүнүн аракети (аракет кылбашы) Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесине (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 316-беренесине (Шалаакылык) туура келерин жазат. Ошону менен бирге эле ал өз арызында жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кылмыш процессуалдык кодексинин 150чү, 151чи, 155чи, 156-беренелерин эске алуу менен Кылмыш жаза кодексинин 304чү, 306чы жана 316-беренелери боюнча аталгандарга кылмыш ишин козгоону суранууда.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Нурбек Токтакуновдун кайрылуусу келип түшкөнүн тастыктап, учурда ал тийиштүү жактарга берилгенин билдирди.
Ошол учурда тийиштүү комитетти төмөнкү кишилер жетектеп турган:
1. Бюджет жана финансы комитети (ошол учурда комиттети Курманбек Дыйканбаев жетектеп, комитеттин корутундусуна кол койгон); Учурда ал КР президентинин Жогорку Кеңештеги расмий өкүлү.
2. Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);
3. Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).
Булак: "Айгай"