www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир темирдей бекем эле...

Кыргыз элинин чынчыл, чыгаан уулу Жумакадыров Темир Курмангазиевич тирүү болгонунда 39 гана жашка чыкмак. Ал 1979-жылы Рыбачье шаарында туулган. Мектепти 1996-жылы Чолпон-Ата шаарындагы С. М. Киров атындагы орто мектепти аяктаган. Өмүрүнүн кыска жолдорунда өзүнүнүн тазалыгы, кыраакылыгы, чечкиндүүлүгү менен далайларга анын мамлекетчил сапаты өрнөк болуп калды. Акыркы кызматы-2017-жылдын август айында Кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалганы болду. Бул кызматта ал 1, 5 айга жетпеген убакыт гана иштеди...

... Ошондо, 2017-жылы башкы такты үчүн күрөш апогейине жетип чынында өлкөдө күч атасын тааныбай турган абал жаралып турган. Кыргыз өкмөтү ал шайлоону чыр чатаксыз, жыйынтыктуу өткөрүш үчүн көзөмөлдөө тобун түзөт. Алгач анын жетекчилигине ошол учурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев дайындалат. Бирок, Дүйшөнбек мындай чоң күрөштө дайнын таппай калдыбы, мыйзамдан тышкары ар демелерди жасап ийиппи же айтып ийиппи ага жүктөлгөн чоң жоопкерчиликтен сөгүш аркылуу четтетилип, ордуна Темир Жумакадыров дайындалат. 2017-жылдын 7-октябрында, таңкы 7лер чамасында, жол автомобилдерге анчалык тыгыла элек трасса ээн маалда, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу аймакта жол кырсыгы жаралат. Оор жүк ташуучу КамАЗ автомашинасы бет маңдайында келаткан «Тойота Лэнд Крузер» автомашинасын сүзүп, ал автоунаада бараткан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Мукановдор ошол жерден жан берет. Бардыгы барчындай жап-жаш жигиттер. Кийинчерээк 25жаштагы КамАЗдын айдоочусуна КРнын Кылмыш кодексинин 281 беренесинин 3-пункту боюнча айып тагылып, 2018-жылдын февралында ал10 жылга (коллония-поселенияга) эркинен ажыратылат. Бул ишти караган Чүй областындагы Москва райондук соту андан тышкары КамАЗдын айдоочусуна «мамлекетке келтирген зыяны үчүн» деп 2, 1млн. сом төлөп берүүсү тууралуу өкүмүн чыгарат. Темир Жумакадыров ал күнү шайлоо участкаларынын даярдыктарын текшерүү максатында, хан тактыны талашууда башкы талапкерлердин бирден-бири болуп турган талапкерди өзгөчө колдоого алып турган аймакка, Талас облусуна бараткан...

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости