www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калктын 1,4 пайызы коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 3798 адам коронавируска каршы эмделди. Анын ичинен 1972 адам экинчи жолу эмделгенин бүгүн, 22-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Муну менен өлкөдө жалпы 95 миң 390 адам эмдөөдөн өттү. Алардын арасынан 71 миң 462 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.

Облус-шаарларда эмделген адамдардын саны:

- Бишкек шаарында — 24 миң 595 адам;

- Чүй облусунда — 16 миң 712 адам;

- Ош облусунда — 12 миң 178 адам;

- Жалал-Абад облусунда — 12 миң 191 адам;

- Ысык-Көл облусунда — 8 365 адам;

- Ош шаарында — 7 751 адам;

- Нарын облусунда — 4 663 адам;

-Талас облусунда — 4 517 адам;

- Баткен облусунда — 4 418 адам.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында Кыргызстандын туруктуу калкы 6 миллион 637 миң адамды түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости