www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандыктардын бийликке болгон ишеними былтыркыга караганда 0,8% өскөн. Бирок, дале болсо элдин ишеним рейтинги төмөн бойдон калууда. Алсак, быйылкы жылдын биринчи жылдыгында калктын бийликке болгон ишеним индекси 100 баллдын ичинен 27,4 баалды гана топтой алды. Сурамжылоону Улуттук статистика комитети жүргүзүп, ага 18 жаштан 75 жашка чейинки 3 миң 600 жаран катышкан.
Аймактардын ичинде ишеним индекси Баткен облусунда эң жогору болуп (48,5 балл), эң төмөнкү көрсөткүч Бишкекте катталган (15,8 балл). Ал эми мамлекеттик мекемелердин арасында эң жогорку ишенимге Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети (45,8 балл) жана Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги (44,9 балл) ээ болсо, эң начар баллды Бажы кызматы (7,9 балл) менен Жаза аткаруу кызматы (8,4 балл) топтогон.
Булак: NazarNews.kg