www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун апасы Нургүл Сагындыкова Жогорку соттун анын баласын 5-августка чейин камакта калтыруу жөнүндөгү чечимине комментарий берди.
«Мен Сооронбай Шариповичке кайрылам. Ал коррупция менен күрөшүп жаткандыктан бул иште жардам берет деп ойлойм. Менин баламдын ишинде эч кандай коррупциянын жыты жок. Ал эл үчүн иштегиси келет жана өмүрүн ушуга арнаган. Менин башка сөзүм жок. Азыркы болуп жаткан окуяны адамдар көрүп, түшүнүп турат жана эл аны 100% колдойт деп үмүт кылам. Сот өзү бардыгын жакшы билип турат... Ошондуктан бул кандайдыр бир түшүнбөстүк. Мен баламды мактагым келбейт, кандай болсо ошону гана айтам. Анын тарбиясы ушундай. Анын атасы 45 жыл Ош облусунда иштеп, элге жардам берген. Анын баласы да ушул жол менен бара жатат», - деди ал.
Жогорку сот бүгүн, 24-июлда экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөртүү жөнүндөгү апелляциялык арызды жабык режимде караган. Сотко С.Исаковдун бир туугандары, тарапташтары жана анын жердештери чогулган болчу. Соттук жыйын жактоочулардын катышуусунда гана өтүп, С.Исаковду соттук жыйынга алып келишкен жок деп билдирет Турмуш басылмасы.
Булак: NazarNews.kg