www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир жума мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министрине Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырган.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен министирдин биринчи орун басары жолугушканын айтты. Бул тууралуу бизге ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Көпчүлүк кызматкерлер өздөрүнүн жумуштарына ак ниетсиз мамиле кылгандан улам ушул окуя болгондугун түшүнүп турам. Көптөгөн жетекчилер биринчи кезекте жеке курамды тарбиялоону унутуп калышкан.

Эгерде үй-бүлөдө тарбия болбосо уулу балким ээнбаш болуп кетиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө биз жеке курамды окутууну, аны патриоттук духка тарбиялоону баштадык жана жылдын аягына чейин өзгөрүүлөр болот.

Бул эки окуядан кийин менин кызматкерлерим өздөрү үчүн кандайдыр бир жыйынтык чыгарышты деп ишенем, алар бир гана өзү үчүн эмес өлкөдөгү коопсуздукту жана андагы ар бир жарандын коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жаткандыгын түшүнүшү керек», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости