www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Халбе Зейлстра 2006-жылы Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушканы тууралуу калп айтып келгенин бир күн мурда билдирген. Ал мындан ары жогорку кызматта иштей албай турганын айтып, иштен кетти.
Нидерланддын тышкы иштер министри De Volkskrant гезитине маек берип, 2006-жылы Путин менен жолугушуу болбогонун мойнуна алган. Ошондой эле ал орус президентинин “Улуу Орусиянын” курамына Украина, Беларус, Казакстан жана Прибалтика кириши керек деген сөзүн да өз кулагы менен укпаганын кошумчалаган.
13-февралда ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-февралда Нидерланды ТИМ башчысы менен жолугушууну пландап жатканын жазган.
Булак: NazarNews.kg