www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким чынында шерменде, сот чечсин!

Окурмандардын эсинде болсо керек, буга чейин газетабызыдын 2017- жылдын 20-декабрындагы №58 (336) номеринде “Кыныр иши кырк күнго жетпей билинген Айгүлдү ким тыят?”, андан соң, үстүбүздөгү жылдын 17- январындагы №01-санда “4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлап, басынтып, каралап, куугунтуктап, уруп-сабап келатат, чындык барбы?” аталышында материалдар жарык көргөн болчу. Биринчи макалада учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинде иштеп жаткан Айгүл Жумакановага байланыштуу чырлуу жагдайлар жөнүндө сөз болгон, а экинчисинде А.Жумаканованын өзүнүн көлөмдүү жообу басылган.

Маселенин чоо-жайы: Айгүл Жумакановага кыргыз жараны Жыпаркул Тургуналиев: “бир учурда турмушка чыгып, жыйынтыгында алдап кетти, менден ири суммада акча алып, бербей кетти” деген доо койсо, ал аял тескерисинче, канча жылдан бери бул жарандан кордук көрүп жүргөнүн жазган. Булардын талашы граждандык тартипте сотто да каралып жатканын эске алып коюубуз керек. Биринчи макала чыккандан кийин Айгүл Жумаканова тараптан келишип, Жыпаркул Тургуналиев тууралуу эсибизди оодарган нерселерди айтышканы эсибизде, ошондуктан да, биз алардын жообу өтө көлөмдүү экендигине карабастан гезит бетинен орун бергенбиз. Бирок, “Арыз-кайрылуу массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде, мурунку жарыяланган макаладагы каармандын жообу катары жарык көрдү. Экинчи тараптын дагы ушундай укугу бар экендигин эскертебиз!”- деген элек.

Мына ошол мыйзамдуу укугунан пайдаланып, Жыпаркул Тургуналиев да “4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлап, басынтып, каралап, куугунтуктап, уруп-сабап келатат, чындык барбы?”- аттуу Айгүл Жумаканованын гезитке чыккан макаласына өз жообун алып келиптир. Чындыгын айтуу керек, ичинде далилдүү фактылар бар болгондуктан, биз огобетер кызыктай абалда калдык. Мисалы, “Тургуналиев Жыпаркул кабинетте сабаганына ыраазы болбой, больницада жаткан жериме келип эч кимди көзгө илбей, кыйкырып сөгүнүп, “..арызыңды ал милициядан, же болбосо “черныйларга” заказ берип подвалга ыргыттырам, жер менен жер кылам, тебелетип салам”- деп, муунтуп баштады. Мени больницанын кызматкерлери сактап калышты”- деген жери бар. Тийешелүү экспертиза, оорукананын персоналы жазып берген түшүнүк каттарга үңүлсөк, бул карандай калп болуп жатпайбы!

А бирок, ошого карабастан, биз Жыпаркул Тургуналиевдин жооп- кайрылуусуна гезит бетинен орун берүүдөн баш тарттык. Чындык бирөө болот, бирок ал ар кимдин оозунан ар башкача айтыла берет тура. Редакция араздашкан тараптарга кайрылат: өз ызы-чууңарды сотко барып чечкиле, окурман журтун, алгач өзүңөрдү сыйлагыла. Чекитти сот койсун. А андан да жогоркусу – Алла Таала баарын көрүп- билип турат, күнөө кетиргенди ал сөзсүз жазалайт!

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости