www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ымыркай төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө бир берилчү "балага сүйүнчүнү" 327 үй-бүлө алганын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйүнчү акчаны алуу үчүн жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнө (ЗАГС — ред.) жана калкты тейлөө борборлоруна арыз жазуу керек. Акча Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук системасы аркылуу шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына которулат.

Бир жолу берилчү "балага сүйүнчүнү" алуу үчүн керектүү документтер:

1. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

2. Ата-эненин паспорттору;

3. Жашаган жеринен справка.

Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул тууралуу жаңы мыйзам иштелип чыгып, коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору толукталып 2018-жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирет. Ага чейин көп балалуу үй-бүлөлөр жөлөк пулду эски эрежелер боюнча алып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости