www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуя Сапар Исаковдун Баткен облусуна болгон жумушчу сапары учурунда болгон

Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алган, - деп жазат Спутник.

Премьерди облус жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков коштоп барган.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан сүрөттө Мамытованын үйүнө келген Абиш Халмурзаев менен Жаныбек Исаков бутун чечпей жүргөнү даана көрүнөт. Ал эми Сапар Исаков бутун чечип-чечпегени байкалбайт. Бул учурда Мамытова балдары менен байпакчан мештин жанында турганын көрүүгө болот.

Аткаминерлердин бул кылыгы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга кабылды. Алар сый-урмат көрсөтүп бутун чечип кирсе болмок деген пикирлерин жазышууда. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө учурда Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялап жатканы айтылат. Алардын эң кичүүсү 4 жашта. Күйөөсү 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө эки бөлмөлүү үй куруп берген. Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

Өкмөт башчы аймактарга болгон иш-сапарларынын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бөлөлөрдүн абалынан кабар алып келет. Буга чейин Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарында да жакыр жашагандар менен үйүнө барып жолуккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости