www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш деген ар кандай жыртык, тешиктерге кептейт экен. Болбосо Карганбек Самаков деген жигит кандай мекенчил, берешен эле. Анысына карабай эле жашоонун жол тандабас дөңгөлөгү тебелеп кетсе омурткаң эңшерилип каларын байкабадыкпы далай ирет. Кезинде депутат болуп, кыргыздын намысын коргоп жүргөн адамды акырында жазага тартып жиберишти жерге байлап туруп.
Анын деми менен көптөгөн жазмакерлердин алаканы ысыганы боюнча айрымдар кеп кылышты. Бирок, коргоп калууга бирөөсү да ынтаа коюп киришкен жок. Окуя ошентип терс тарапка айланып кетсе деле Карганбекти көпөстөрдүн арасына баш бактырып коюшуптур.
Маалыматка ишенсек ал байлыгы боюнча ондуктун ичинде жетинчиликти ээлейт экен. Цифралар менен айтсак 320 миллион доллары бар имиш. Муну эмнеге таянып жазып чыгышканын ким аныктап бермекчи? Анткени соттошуп жүргөндө чыгымы арбын болгондур да? Күчтүү жактоочулар, тергөөчүлөр, колдоочулар баары акча менен бааланат эмеспи?
Демек, жогорудагы байлыгы болушу күмөн. Эмнеси болсо да бул кишинин тагдыры оорчулукка кептелди. Антсе да жакшылыктан күдөр үзбөш кажет.
Булак: "Багыт"