www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда иштеп жүргөн мигрант жаштарга журналист Калыйнур Калмурзанын кайрылуусу:

-Россияда иштеп жүргөн кыргыз жаштары. Силердин жүрүм-турумуңар тууралуу айтчу менин бир катар факторлорум бар. Бүгүн Москвада кафенин жанында болгон кырсык жаштардын чектен чыгып баратканын тастыктап берди. Мындай олуттуу мыйзам бузуулар жалпы кыргыз мигранттарынын атын булгоодо. Кырсыктагандарга жана жакындарына жараткан сабыр берсин. Айылдагы ата-энелердин шору, көз жашы көл болду. Эмне пайда таптыңар жосунсуз жоруктардан. Президент баш болуп, элчилик төш болуп Кыргызстандын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн дипломатиялык жол менен Россияда мыйзамдаштырып берди.

Мына ушул пайданы колдонуп калуунун ордуна терс жоруктар менен кайра алдырып салууга өзүӊөр түрткү берип жатасыӊар. Бир катар кыргыз жаштары кара жумушта эмес айдоочулук кызматтарда иштеп айлык алып жатышат. Ошолорду ойлогула. Кудайга шүгүр дегиле башка өлкөнүн мигранттарына караганда кыргыз жарандары үчүн орусиянын мыйзамы жеӊилго. Бул да экономикалык байланышыбыз орус эли менен жакшы болгондуктан ЕАЭБ дин алкагында биздин пайдабызга майнаптуу болуп турат.

Эгер, Орусиянын Госдумасы бир кагазга калемин шилтеп эле койсо бардык таксисттер жумушунан бир эле күндө кол жууйт. Бул жагы болуптур дейли, кайсы ашкан байлыгыңарга аша чабасыңар. Кыргыз жаштары кулдай иштеп, байдай акча коротуп түнкү клубдарда ысырап кылганыңарга жол болсун. Айрымдарыңар халтурада иштеп бир күндө 1300 рубль табасыңар. Түнкү клубга кирип ага 2 күн иштегениңерди төлөп чыгасыңар. Мектепти бүтүп эле же бир кесиптин адиси болбой Орусияга келип аласыңар. Ар кандай жумушта иштеп акчаңарды алдатканыңар андан көп. Стройкада убактылуу ачыла калган фирмаларга келишими жок эле жумушка орношо коюп, аягында акчаңарды бербей койсо талаада калган да силерсиңер. Кайда кайрыларыңарды билбей, сотко берейин десеңер тастыктаган договоруңар жок акыры консулга атаңардай арызданып барган да силерсиңер.

Мектепти бүтүп бир китептин бетин ачып окуп койбой маданиятсыз, сабатсыз дедиртип орустарды өйдө көрсөткөн да силерсиңер. Көчөдө таштанды таштаган силерсиңер, оюңарда орустун жери да дейсинер, артыңардан аны кайра эле кыргыз дворник тазалап жатканына маани бербейсиңер. Метродон секирип жаткан, кыпчылып өтүп жаткан, тролейбуска түшсөңөр 50 сом аяп эңкейип өтүп жаткан да силерсиӊер. Жолдун алдында подзьемка турса, жолду кесип, дал ортосунан далдалактап чуркап өтүп жаткан да силерсиңер. Түкүрүнгөн силерсиңер, какырынган силерсиңер. Көчөдө арзан саткан телефонду алып алданган, учакка арзан билет алам деп дагы алданган силерсиңер.

Кыргыз кыздары бузулду дейсиңер. Кыздарыбызды коргогонду билбейсиңер. Кайра ошол кыздарды алдап колдонуп жаткан силерсиңер. Кыргыз кыздары аборт болуп жатат дейсиңер. Кыздар менен бир квартирада, бир бөлмөгө чыгып жашап жатсаңар алар аборт болбогондо ким аборт болот. Анан да патриот болуп кыз сабайсыңар. Башка улутту кой, кызды кордоп жаткан кыргыз баланы тыялбайсыңар. Кыргыз үчүн күйсөңөр батир бергендер батирге жалаң кыздарды алгыла же жалаң балдарды алгыла. Кыздар менен балдарды аралаштырып батир бергендиктен баарынын “кашасы” чыгып жатат. Коомдогу эң олуттуу көйгөйлөргө ушул жактан жол ачылып жатат. Мындай системаны (кыздар менен балдарды чогуу жашатпоону) кыргыз тарап өзү киргизбесе, дагы далай кыздарыңар төрөйт. Далай уулдарыңар зынаакор болот.

Мына ушунун баары ыймансыздыктан, сабатсыздыктан, кыска ойлуулуктан келип жатат. Батир бергендер буга силер да себепкерсиңер. Кыргызстандан учканда жакшы максат коюп келесиңер, бирок, акча тапсаңар мурдуңар көтөрүлүп көөп кетет экенсиңер. Пиво, арак, тамекини үйрөнбөй орустун жакшы жактарын үйрөнүп кетсеңер. Чечендерден ынтымактуулукту, орустардан тактыкты, дагы башкасынан тазалыкты ар бир улуттун жакшы жактарын алып үйрөнүп кеткиле да. Ала-Тооңорго кайтып барчу күн келет. Айланып казыгыӊарга барасыӊар. Адам болуп баргыла да. Кыргыздын жакшы жагын гана таратып жаман адатыӊар болсо башка элден жаап жашырып түз көрүнүп койгула да. Бөлөк жер силерге мекен болуп бербейт. Кыргызстандын келечегин ойлогула. Тарыхты карасаңар кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан өлкөдө тасирдүү жаштар бышып жетилген. Биз да бышалы, бизден кийинки урпактар биздей темселеп кор болбосун десеңер өзгөрүүнү өзүӊөрдөн баштагыла - дейт журналист Калыйнур Калмурза.

Эскерте кетсек, 9-сентябрда Москва шаарында 21 жаштагы Кыргызстандык жигит мекендештерин унаа менен койдуруп кеткен. Кырсык болгон жерде бир адам көз жумуп, 7 адам тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Элчиликтин билдирүүсүнө караганда 5 адам оор абалда, калганынын абалы орто.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости