www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен айрым басылмаларга чыккан маалыматтарга капа болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга арыз менен кайрылыптыр. Эмне дейбиз, бул көрүнүшкө тактап айтканда, таарынычка мүмкүн негиз бардыр а мүмкүн даттанууга такыр негиз жок.

Андыктан, NazarNews.kg маалымат агенттиги ачылып-чачылып, жүрөктөгү айрым сырларды ачыкка чыгаралы деп (Атамбаевге баары бир жолуга албайбыз да), мурдагы президент Алмазбек Шаршеновичке өз оюбузду ачык билдирели деп чечтик.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизди терең сыйлаймын. Эми эмне деймин, жашоо ушундай экен да, бийликтен кеткенден кийин ар кандай өзгөрүштөр жана нараазычылыктар болот дегендей... Сиз дагы бийликте турганда ак менен карасына карабай ар кимди, жакпаган саясатчыларды жарга такабадыңыз беле? Андыктан, саясаттын жүрүшү менен ыргагын жаныңыздагы жеңил жүгүрүк “жетимдериңизге” айтып түшүндүрүп койсоңуз, “менин убагымда деле мындай такталбаган окуялар көп болгон” деп... Алсак, жаныңыздагы ачуу чындыкты айта албаган, Сиз күлсөңүз күлүп, жымыйсаңыз жымыйып, ар-намысыңызга эмес акчаңызга кул болуп, столдун астынан үрүп чыккан, ой, күлүп чыккан кошоматчыларыңызга айтып коюңузчу, көп эле чындык издеп чыркырай бербей, артын карап кылчайып коюшсун.

Мисалы үчүн чындык издегендер Сиз үчүн эмес, кыргыз элинин кадыр-баркы үчүн, тарых үчүн Ош окуясын “тактасын”, дагы “тактап” чындык издегиси келсе уктап жатып тиги дүйнөгө кете берген Дача СУга топ этип түшүп калган чуулгандуу учактын чоо-жайын “тактасын”. Анан дагы Сапар Исаков баш болуп өлкөдөн чыгарылып кеткен 3 тонна алтынды “тактасын”. Ушундай эле “тактагыч” болуп издегиси келишсе, ТЭЦти жана Сиздин убагыңызда темир тордун артына кетип камалган кыргыздын мыкты жигиттери түрмөдө жатат, ошолорду “тактасын”...

Айтор, Алмазбек атаке “такталбаган”, бирок эл арасында айтылып жүргөн маалыматтар ого эле көп. Алсак, дагы “такталбаган” маалыматты Сизге жар салалы. Эзели эч кимге жакшылык кылбаган вазириңиз Фарид Ниязовду,  “Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосуна от салган, так ушул Фарид шүмшүк кылган, экөөн чабыштырган ушул” деп айтылып жүрөт... Ушул суроону Сиздер дагы коомчулукка “тактап” койсоңуз жакшы болот эле да.

Алмазбек Шаршенович, Сиз өз мезгилинде журт атасы болгонсуз. Сиздин жакшы сапаттарыңыз дагы бар. Жаныңыздагы жүгүртөктөрүңүзгө айтып коюңузчу, көп эле “тактагыч” болуп секире бербесин. Анткени, Сиз президент болуп турганда “Акыйкаттын жарчысы, чындыктын символу” боло албаганыңызды аларга деле эскертип койсоңуз. Баса дагы тактай турган, “такталбаган” имиш Алмазбек Шаршенович, "Атамбаев күзүндө митинг кылып, бийликти алат экен" деген сөз желдей тарап, эл оозуна алынып, оозунан Алласы түшпөгөн имамы да, Иваны да айтып жүрөт.

Бул эл арасындагы айтылып жаткан имиш-миштерди кайра биз Сизден тактасак жакшы болот эле...кандай дейсиз? Кандай болгон күндө дагы “такталган” маалыматтар сизге бере турган суроолор толтура, аны такташ үчүн Сиз менен видеокамера менен жолугушуу керек.

Кызыгы,  “Атамбаев “такталган” маалымат издеп жүрүптүр, кайтар дүйнө да” деп, калк мыйыгынан күлүп жатат.  Анчалык эле “ушакчыларга” ишеним артпай, жаныңыздагы айрым кошоматчыларды сормо сазга ыргытып, азыркы президентибиз, Сиздин досуңуз Сооронбай Жээнбековдун колуна-кол, бутуна-бут болсоңуз жакшы болот беле?  Кантсе дагы, мурун жакшылык-жамандыкта туз-даам татышып жүргөнсүз.

Андан көрө, 25 жылдан бери алтынга чыланган алакандай Кыргызстандын абалын, элдин тагдырын ойлоп, экс-президенттер ак аюудай атышпай ынтымакка келип, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Сиз, Сооронбай Жээнбеков болуп бир ак дасторкондо чогу олтуруп, Кыргызстанды көтөрсөңүздөр жакшы болмок. Кыргызга кыргыз эле күйөт. Чытырман токойдун да ээси бар дегендей...Бул оопасыз армандуу дүйнөгө ким тирек болгон? “Ааламдын баарын алаканга салып ойнотом” деген Чыңгыз хан дагы бул дүйнөдөн өткөн.  Ынтымакка келип, дүйнө элин таң калтырып кол алышып жарашып, эл үчүн кызмат кылып, 2020-жылга чейин Кытайдан алган карызды төлөсөк кантет? Баары акыл менен чечилет, акча менен алтынга чыланган өмүр менен бирге өлүмдү да ойлоп, акыркы аялдамабызды унутпасак жакшы болот эле.

Эми Алмазбек Шаршенович, Сизди кызыктырган  “такталбаган” маалыматтын жообун айтайын, айтылып жаткан сөздөр эл арасында айтылган кашкайган "чындык". Ошол маалыматтарды Сизге жеткирип турган бизге кайра чоң рахмат айтыңыз. Ал үчүн кечирим сурап же Сизге  “тактама” бере албайбыз. Кыргызда, "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген кеп бар.

Калганын өзүңүз чечиңиз, Кудайдын буйругун көрө жатарбыз. Минген атыңыз төп келип, камчыңыз колуңузга жарашып, өктөм буйругуңуз кыргыз элине болбосо дагы, жаныңыздагы ашыкча кошоматчыларыңызга өтүп турган мезгили. Колуңуздагы чүкөнү каалаган жагыңызга атып көрүңүз... Жан жөкөрлөрүңүздү өтө эле ары-бери секирте бербей, ашкере кошоматчылардан сак болуп, андан көрө жан досуңуз, кан досуңуз Сооронбай Жээнбеков менен ынтымакка келсеңиз жакшы болот эле. Сиз кантсе дагы журт атасы болгонсуз, анан эле нараазы болуп “аны камаш керек, триллионду камаш керек” деген Сизге такыр жарашпайт. Кыргызда “эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат” деген кеп бар, эркек затынын эң чоң эрктүүлүгү тышкы чечимди билдирбей ичтен чечип алуу. Сиз ХАН болгонсуз Алмазбек Шаршенович, кыргызда гана эмес, эл аралык аброюңуз бар экенин унутпаңыз. Хандын мүнөзүнө АЙКӨЛДҮК жарашат... Эми анча-мынчага экс-президент Курманбек Бакиевге окшоп эле унчукпай койсоңуз болот, “тактама менен тастыктаманы” талап кылбай, калган  “тактактаманы”  бийлик сиздерден талап кылат...бизден эмес.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович биз айттык, калган чечим сиздики...Сиз бизди тыйбай, жамбашыңызга жаздык төшөп, астыңызга килем салып, Сиздин ар бир сүйлөгөн сөзүңүздүн жакшы жана жаман жактарын айтып тымызын ушак тараткан, бир күндө канча ичкениңизге чейин эл-журтка жеткирип турган жакындарыңызды тыйсаңыз болот эле. Дагы "такталбаган" маалыматты эсиңизге сала кетсек, жаныңызда жүргөн ишенимдүү досторуңуз жеткирген, Сиздин учурдагы абалыңыз тууралуу толук маалыматты жакынкы убактарда ачыкка чыгарабыз деген үмүттө турабыз. 

NazarNews.kg маалымат агенттигинен үн каткан Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости