www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөргөн. "Ак шумкарлар" 3:2 эсеби менен БАЭдан утулуп калды.

Матч Абу-Даби шаарынын “Зайед Спорт Сити” спорт стадионунда өткөн.

Букмекерлердин БАЭнын эсебине болгон төлгөсүнө карабастан оюн абдан кызыктуу жана оор болду. “Ак шумкарлар” атаандаштарына өздөрүн ким экендигин көрсөттү.

Кураманын устаты Александр Крестинин оюнчуларды абдан жакшы даярдап, Азия Кубогуна алып келип, плей-оффко өткөргөн. Кыргыз футболчуларынын оюну күйрөрмандарды, бүтүндөй Кыргызстандыктарды сыймыктандырды.

“Силер биздин сыймыгыбызсыңар! Баардык футбол көрүүчүлөр Кыргызстандын курамасы утулган жок экендигин билишет. Кыргызстандын футболу жаңы деңгээлге чыкты. Азаматсыңар! Биз силер менен! Калыс туура эмес калыстык кылды. Алга Ак шумкарлар! Машыктыруучу Александр Крестининге өзүнчө таазим”.

Биздин желек да бир башкача болуп Кыргызстандын желегиби же башкабы деп таң калып турдук. Негизи эле оюн жогорку деңгээлде өттү. Бирок калыс кытай адам биздин оюнчуларга жөнү жок эле сары кагаздарды бизге өчөшүп алгансып улам-улам берип жатты. Оюнчубуздун бут кийими да кычап боосу чечилип, уят кылды. Ушунча тооналап алтын чыккан мекенибиздин спортчуларына бут кийим сатып бере албаган мамлекеттин спортчулары ушундай жогорку деңгээлге жетип жатканынан да ыраазы боло берели...

 Кандай болгон күндө дагы биздин команда Азия Кубогуна жетип, ойноп, бирок, тилекке каршы утулдук. Эмнеси болсо дагы биздин биринчи тажрыйбабыз болду.

Кыргызстандын 6 миллиондон ашык адамы биздин курама команданын дагы жаңы ийгиликтерине күбө боло бермекчибиз...

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости