www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир жери кызарса жулуп алганга, айласы кетсе ар кандай терс пикирлерди айтып жүдөткөнгө, анан өзүн өтө акылдуу кылып көрсөткөнгө ашкере адистешкен биздин саясий элита деги оңолуу жолуна түшө алат болду бекен? Алар бүгүнкү кылып жаткан кырчаңгы иштери эртеңки келечекке кедергисин тийгизип коёорун ойлонушпайбы? Же аларга биздин мамлекет, биздин улут, эл бир тыйынга арзыбайбы?
Алалы, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кыргыздын душманыбы (?) деген ой кетет.
Өзү эл ичинен чыккан бакандай депутат. Анан ар убак жетишпеген жактарыбызды айтып жар салып, кемчилик издеп эле турат. Ооба, жетишпестикти, кемчиликти айтып туруш керек.
Бирок, ошол эле маалда жасалып жаткан иштерди, айрым артыкчылыктарды да айта жүрүү керек эмеспи. Ал эми Кенжебек Сатимкулович эч качан жакшы иштерди айткысы келбейт. Эмне өкүтү бар экенин ким билсин, айтор калыстык үчүн эки жакты бирдей айтып жүрсө деле болмок.
Булак: NazarNews.kg