www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ганси обсервациясын жаткан Бишкек шаарынын тургуну Ажар Султанова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Түнү мен дем ала албай калдым. 3 күн ичинде "Тез жардам" да, үй-бүлөлүк медицина борборунан врач да келген жок.

Агам мени тезинен Гансидеги обсервацияга алып келди, ал жерде 1 эле орун бар экен. Менден кийин келген адамдарды орун жок деп кабыл алышкан жок. Кайсы бир дарыны чоң дозада күрөө кан тамырым жана киндигим аркылуу сайышты, андан ары тахикардиям башталды. Дарыгер чочуп кетип, тамчылатма дарыны чыгара салды. Кийин башка дары беришти. Бул жерде эч кандай шарт жок, жууркан дагы, жаздык дагы жок, өтө суук. Менин жанымда азыр эле бир киши каза болду. Мен өлгүм келбейт.

Ооруканада эч кандай медициналык жабдыктар жок. Бир гана тамчылатма дары коё турган штатив бар экен, дарыгерлерге боору ооруп жатат.

Кимдин шаар ичиндеги ооруканада тааныш дарыгери жана бош орун бар болсо, мага кислород аппараты керек, жардам бергиле”,- деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости