www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев кечээ,12-апрелде камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ жергиликтүү ММКларга билдирген.

Ошентип бул жигит Максим Бакиевдин шаарчасынын айынан кылтакка илинди. Бакытбек “байкушка” ИИМ Кылмыш жаза кодексинин 304-307-беренелеринин негизинде кылмыш ишин козголуп, маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске сала кетсек, “Максимдин дачасы” аталган шаарча 142 млн. сомго сатылышы коомчулукка жайылып, алды камакка алынып абак менен аяктоодо. Тилекке каршы, негизги күнөөлүүлөр Ак үйдө “чандайып” олтуруп, Бакытбек Мураталиевга окшогон колдоор-таяры жок, буйрукту аткарган “чилиштер” камакка алынууда. 

Белгилей кетсек, 2010-жылдан кийин Бакиевдердин бир нече кыймылсыз мүлктөрү мыйзамсыз сатылып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости