www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылат”

- Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө азгырылбай, башкаларга жетеленбей, өз жолу менен иштесе ага оомат келет деген аян келди. Ошондой эле Жээнбековдун жолу ачылып, жараткандан мээрим төгүлүп, нур түшүп жатат. Булар үй-бүлөсү менен намаз окуган, кудайга ишенген, ата тегинде чоң касиети бар, колдоочусу күчтүү адам экен. Жээнбеков “эл үчүн иштейм, тарыхта алтын тамга менен жазылып калган президент болом” деп шымаланып жатат. Бирок, сак болбосо, жанындагы жан-жөөкөрлөрү мурунку президенттен да оор тагдырга кептеп коюшу ыктымал. Бул канчалык ак жүрөк болуп иштейм дегени менен мурунку бийликтин адамдары жаманатты кылып коюшу толук мүмкүн. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылышы мүмкүн деген да алдын ала эскертүү берилип жатат. Ошон үчүн кандай кадам таштаса да ойлонуп, башкаларга 100 пайыз ишенбей акыл калчап, жүрөгүн угушу керек.

“6 айдан кийин Жээнбеков менен Атамбаевдин командасындагы тиреш күчөйт”

- 2018-жылы Кудай буюрса, Кыргызстанга киреше кирип, майда ишканалар курулат. Жаштар үчүн чоң-чоң үч имарат түшөт. Жаңы президент жакын арада эки мамлекетке барып, мамлекет үчүн пайдалуу болгон келишимдерге кол коюп келет. Иштин башы жакшы эле башталат. Бирок, жыл Атамбаев менен Жээнбековдун командасындагы тирештер менен жыйынтыкталат. Убакыттын өтүшү менен “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарабыз”- деген Жээнбеков менен Атамбаевдин командасындагы тиреш күчөп, бири-бирин сындырам, жок кылам деген аракет менен күн кечирип калышат. Анткени, Атамбаев президенттик тактан кетти дегенибиз менен ал таасиринен кол жууп калгысы келбей, бийликке келүү аракетин көрө баштайт.

“Жээнбеков Атамбаевдин кадрларынын зоболосун көтөрбөшү керек”

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев “кийлигишпейм, мен өз сыйым менен болом”- дегени менен 6 айдан кийин бийликке таасирин тийгизип, бийлик бутактарына келүүнү көздөп, тымызын аракетин баштайт. Мына ошол мезгилде жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларынын ортосундагы тирештер күч алып, ич ара ыркы кетет. Сооронбай Жээнбеков тынч иштейм десе, Атамбаевдин кадрларын ишке алып, алардын зоболосун көтөрүүдөн сак болушу керек. Болбосо, “мага кантип жамандык кылмак эле”- деп ишенген кадрлары Сооронбай Жээнбековду аңга түртүп коюшу мүмкүн.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь, 2017-ж

Эски макаланы кайрадан эске салдык...

Последние новости