www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин ажолук учурда сиздин баркыңызды жана таасириңизди төмөндөтүү үчүн айрым тараптар атайылап аракет кылып жатышабы?  Болбосо, соттун чечими 29-апрель 2018 ж. чейин гана мөөнөттөлгөнүнө карабай Темирлан Ормуковдун дагы деле камакта отурганын кандай деп ойлоого болот? Бул маселеге кызматтык жоопкер тараптар атайын эле билмексенби? Бул алардын «Кана, Сооронбайыңардын саясатын көрөлү» деген кытмыр мамилеси эмеспи?

Урматтуу ажо көнүл буруп коюшунузду сурайбыз! Сиздин бийлик мезгилинде миллиондорду кымыргандар качып кутулуп эркиндикте жүргөнү, ал эми ыр өнөрүн аркалаган акындын сатиралык чыгармасы үчүн Темирлан Ормуковдун камакта олтурганы Сизге аброй алып келбейт! Темирланды актап чыгарып берүүнү суранабыз!

Урматтоо менен,

Темирлан Ормуковдун окурмандары Темирлан Ормуковду колдоо тобу

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости