www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» позициясына өткөнү билинип калды. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогону, анын жеңишин камсыздоо үчүн ошол кездеги президент А. Атамбаевге да атайын кат жолдогону, кытай өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурганы ачыкка чыгып калгандан кийин, акыры камала турганын билип, эми «Президентти сындаганы үчүн куугунтукка кабылды да» деген коомдук пикир жаратуу үчүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоого президент С. Жээнбековду да айыптагысы келип чыкты.

Ал маалымат булактарынын бирине «Парламенттеги кечеги талкуу – элдин башын айлантууга жана ТЭЦтеги авариянын реалдуу күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен алып калууга жасалган аракет» деген маанайда пикирин билдириптир. 

Ал ТЭЦтеги авариянын болушуна президент С. Жээнбековду да айыптагысы келет. «Мен премьер-министрлик кызматка практика жүзүндө күзүндө келдим», - деп актангысы келет. Ал өкмөт башына 2017-жылдын августь айынын этегинде келди. Демек, кышка карата даярдыкты текшерүүгө, камсыздоого анда жетиштүү убакыт бар болчу. Сентябрь, октябрь айлары ичинде ал кышка даярдыкты карабай эмне иш кылды эле? Же жоопкерчиликтен качуу үчүн ага чейин иштеп кеткен өкмөт башчысына жоопкерчиликти түртө салуу керекпи?

Анан дагы ал ТЭЦти модернизациялоо боюнча түзүлгөн келишимге да президент С. Жээнбековду айыптагысы келет. С. Жээнбеков өкмөт башына келгенге чейин эле, тээ 2013-жылы ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлүп, бардык документтерге кол коюлуп жатса, анан ага С. Жээнбековдун кандай катыштыгы болушу мүмкүн? Кимдир-бирөөнү айыптаардан мурун фактыга таяныш керек эмеспи.

Ал мындай пикирин өзүнүн «кожоюну» А. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен айтып атканы түшүнүктүү болуп турат. Себеби, ал алдын-ала эгерде эртеңки күнү ТЭЦтеги коррупция боюнча С. Исаков да камала турган болсо, «Мына мен президентти сындап койдум эле, камап салышты» деп кыйкырганга жакшы шарт түзүп жатат. Коргонуунун, жоопкерчиликтен качуунун жаңы ыкмасы деп ушуну айт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости