www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦтин чуусунун башталганына жүз күн болгону жалпыга маалым. Ошол кытайдын 386 миллион долларынын  капканына далай чиновниктердин буту илиниптир. Бирок, накта кимиси кекиртегинен илингенин  сыйпалап таппай жатышат. Кээ бирөөлөрдүн аты жөн жерден жаманатты болгону да ырас.  Айрым депутаттар  мурдагы өчүн эптеп ушуга шылтоолоп алып калуунун амалында болушту.  Ушунун баарын иликтеп карап отуруп сүйлөгөн Жанар Акаевдин  айтканына ынанууга болот.  –Мурда тынч отургандар эми күпүлдөй баштаганы негизи осолдук көрүнүш. Биз кыңк этпей эле жогортон буйрук келсе кол көтөрүп жүрбөдүк беле?  Мына эми эркиндикке чыктык,куттуктайм деди олуттуу карап.

Ооба, парламент буркан-шаркан түшүп алды. Ал тургай таптакыр балык болуп отургандар да  тимеле козудай маарап жиберишти. Чамасы наракта салабаттуу отурган төбөлгө  жагынуунун аргасын кылышты го? Айтор, кимдин ким экенин байкап алууга сонун ыңгай түзүлдү.  Көрсө эл өкүлдөрүнүн деле  деңгээли  ылдыйга түшүп кетиптир,атаганат. Ушуларга эми кантип элдин тагдырын  тапшырып беребиз,ботом.

Булак:“Ачык сөз”

Последние новости