www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери 2-февралда абакта жаткандар, анын ичинде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев менен жолугуп чыкты.
Борбордун кызматкерлери андан тышкары Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таировдон, «Нават» ресторандар түйүнүнө ээлик кылган адамдардын бири Сергей Острецовдон да кабар алышты.
Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.
«Кыйноого, ырайымсыз мамилеге жана кармоо шарттарына эч кимден арыз түшкөн жок. Болгону убактылуу кармоочу жайда кармалып турган эки адам боюнча маселе бар. Бирөө Тажикстандын, бирөө Казакстандын жараны. Алар соттун чечими менен тергөө изоляторуна кармалышы керек болчу. Бирок алар убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Бул Жаза аткаруу кызматы ПЦР анализ жок болгондуктан кабыл албай жатканы менен түшүндүрүлдү. Бирок ал мыйзам бузуу катары каралат».
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Ал «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча да айыпталып жатат.
Абдил Сегизбаев Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине шек саналып 25-январда камалган.
Булак: NazarNews.kg