www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда.

Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, саясатчылар Жогорку Соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку Соттун судьялары жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости