www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан коңшу өлкөнүн жараны кыргыз паспортун колдонуп жүргөн фактыны аныкташты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. 

2014-жылдын 1-январь күнү Өзбек Республикасынын жараны, 1991-ж.т. М.А.К. паспорт алуу максатында мыйзамсыз Сузак райондук паспорт бөлүмүндө иштеген Айнура аттуу атуулга 2 500 АКШ доллар акчасын берип, 1991-жылы туулган Ж.С.Б аттуу бөлөк ысым менен Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун (ID Карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) жасатып жана колдонуп жүргѳндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча КРнын КЖКнин 350-беренеси менен кылмыш иши козголуп паспорт ээси Өзбекстандын жараны М.А.К Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлө баштады, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости