www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылган төрт миңге чукул кишиге мунапыс берилиши мүмкүн. Документ Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жана саясий репрессиянын куугунтуктарынын 80 жылдыгына карата иштелип чыгууда.
Юристтер абактагы саясатчылардын айрымдары мунапыска илиниши мүмкүн дейт. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылары жана ЖКнын төрагалары менен жолугушуусунда дагы ушундай ойду айтканы бар.
Мунапыс кимдер үчүн жана анын негизинде "саясий туткундар" делген бир катар абактагы саясатчылардын кимиси боштондукка чыгышы мүмкүн?
Адам укуктарынын жалпы декларациясына байланыштуу өткөн конференцияда сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, 1994-жылы Кыргызстан Орто Азия чөлкөмүндө биринчи болуп адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулганына өзгөчө токтолду.
"Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык-айкындыгына чоң маани берилет. Ошону менен катар, укук коргоо органдарынын "өзүм билемдигине" жол бербөө зарылдыгы да баса белгиленген. Кыргызстан акыркы мезгилде ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы-жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт. Кылмыштардын жана жосундардын Бирдиктүү реестри түзүлөт. Тергөө, сот, соттун чечимин аткаруу процесстери ачык-айкын болот. Пробация институту ишке киргизилет. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирет."- деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Ушул датага байланыштуу учурда Жогорку Кеңеште мунапыс боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Долбоордун авторлорунун бири Исхак Масалиевдин айтымында документ жакынкы күндөрү тиешелүү комитетте каралып, андан соң жалпы жыйынга чыгарылат.
"Мунапысты жаңы жылга чейин ишке ашырганга аракет кылабыз. Анткени жаңы жалдан тартып жаңы Кылмыш кодекси ишке кирет. Анын негизинде бир топ беренелерге өзгөрүүлөр киргизилип кетсе, карама-каршылыктар жаралып калышы ыктымал. Мунпыска саясий негизде соттолгон айрым жарандар дагы кирип калышы толук мүмкүн",- деди депутат.
Кыргызстанда 2016-жылы түзүлгөн Саясий туткундарды коргоо комитети соттолгон он төрт саясатчыны саясий туткун катары эсептейт.
Алар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Көлүбаев, Алекстандр Гусев, Тойгонбай Калматов, Марат Султанов, Дүйшөн Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Абдылда Капаров, Садыр Жапаров жана Канат Исаев.
Булардын көпчүлүгүнө "бийликти басып алууга даярдануу", "бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу", "улуттар аралык мамилени козутууга аракеттенүү", "коррупция", "бийлик өкүлүн барымтага алуу" сыяктуу айыптоолор тагылган.
"Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата дегенде биз көп нерсени үмүттөнгөнбүз. Бирок ага бир дагы саясий туткундар кирген эмес. Жакында эле парламент 295-беренени (бийликти күч менен басып алуу) киргизди деп уктук. Бул Бектур Асанов жана Кубанычбек Карыбаев камалган берене. Бирок бул дагы так маалымат эмес. Андыктан мунапыстын саясий туткундарга тиешеси деле жок сымал. Бир жеринде алтымыш жаштан өткөн эркек жарандар дагы мунапыска киргизилет деп жүрөт. Эгер андай болсо Өмүрбек Текебаев бошотулуп калышы мүмкүн",- дейт Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Мадаминов.
Мунапыс - жаранды актап, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу дегенге жатпайт. Болгону алардын ишин жеңилдетүүнүн чарасы катары каралган. Ал эми абактагы саясатчылар өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары карап келишет.
"Ошондуктан алар мунапыс аркылуу боштондукка чыгууга ынтызар деле эмес",-деди Мадаминов.
Булак: "BBC"