www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Бакыт Асанбаевдин чыгармачылыгына 30 жыл" аттуу жеке фотокөргөзмөсү өттү.
Тарыхый сүрөттөрдө көбүнчөсү залкарлардын элестери болгондуктан, алар Кыргыз архивине абдан маанилүү болуп саналат. - Мында келип көргөн жакшы санаалаштарымдын көңүл чордонунда болду. Бишкек шаардык Мамлекеттик архивинин директору да менин ишимди баалап Ардак Грамотасын тапшырды ушу сыяктуу сыйлыкты да Маданият минстрлиги жана Ички иштер минстрликтери беришкен болучу. Анткени, урматтуу достор, мамлекеттик архивге болгон маанилүү маалыматтар менен сүрөт фактыларды алып барыш керек, - дейт фотосүрөтчү Бакыт Асанбаев.
Мамлекеттик архивде кылымдар бою сакталып, мамлекетке кереги тийчү сүрөттөрдүн тарыхтагы орду опол тоодой. Ар бир жаран колунан эмне келсе ошону жасагандан эрикпеш керек экен. Ооба эмгектин үзүрү деп ушуну айтса болот тура...
Бакыт Асанбаев мындан тышкары, Чолпон-Атадагы Алыкул Осмоновдун үйүн да жетектейт. Элдин батасын алып жүргөн сүрөтчүгө албан ийгиликтерди каалайбыз.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg