www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районундагы эки айылдын окуучуларынын ортосунда келишпестиктер жаралып, экөө мушташа кетип, жыйынтыгында 8-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында болгон.

"Эки айылдын окуучулары Кызыл-Жылдыз айылынын "Ынтымак" спорт сарайында волейбол ойношкон. Ал оюнду эч ким уюштурган эмес. Каза болгон бала 2004-жылы туулган окуучу болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы убакта окуучулар суракка алынып жатат", - деди басма сөз кызматкери.
Белгилей кетсек, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарындагы мектептин окуучулары мушташып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости