www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайрылуунун тексттин «NazarNews» маалыматтык агенттиги толугу менен берет
Жогорку соттун төрагасы З.К.Базарбековго саясий туткун Эрлан Бекчородон кайрылуу
Урматтуу Базарбаев Замирбек Курамаевич! Кемпир-Абадды коргоп мыйзамсыз абакта жаткандар 2022-жылдын 23-октябрынан бери сотторду, бийликти, тергөөчүлөрдү мыйзам талаасына чакырып келебиз. Биздин бул саясий күрөштө сот адилеттүүлүгүн бийликтен талап кылганыбыз сиздин «сот системасына реформа кылым», - деген ниетиңизге чоң жардам.
Тилекке каршы мыйзам үстөмдүгү эмес, бийлик үстөмдүгү болуп жатканы белгилүү. Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилгени менен натыйжа жок. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз Жогорку Кеңештин отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле. Келиңиз, биз сизге жардам берели. Сизди биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын «реформа кылам», - деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет.
Сиз үмүт арткан соттор мыйзамдарды, сизди сыйлабаса сиздин бул жогорку кызматта турганыңыз канчалык туура? Кемпир - Абадды коргоп камалган саясий туткундар бул соттук отурумдар аркылуу президенттин, сиздин «сот системасына реформа кылам», - деген ниетиңер жалган же чын экенин айгиленеп беребиз. Келиңиз, биздин сотко катышып өз ишиңизге өзүңүз баа берип кетиңиз…
Урматтуу Замирбек Курамаевич! Сизди тарых жаратууга чакырам!
Урматым менен саясий туткун, Эрлан Бекчоро.
СИЗО-1
Булак: NazarNews.kg