www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айткандарына жооп берди.
«Биз Баткен облусуна фракция менен бардык. Баткен районунун, Лейлек районунун акими бизди коштоп жүрдү. Акматов менен сүйлөшөт дейт. Ташматовбу, Эшматовбу ким болбосун карма дагы, аткезчилик кылып жаткан болсо өмүр бою камап сал. Биз баргандан кийин көрүнгөн киши келип арыз-арманын айтат.
Жүзүн жашырган жок, силердин кызматкерлерге окшоп чүмбөттөнүп алган жок, сайгактап качкан жок.
Түздөн-түз камерага 500 доллар берем десем болбой, миң доллар бер деп айтып жатканын бүтүндөй дүйнө укту. Кимге «крыша» болуп жатканымды билсеңиз, четинен алып барып камаңыз. Камаганга устасыңар», - деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптады.
Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.
Булак: NazarNews.kg