www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаровдун тилин кесип, сүйлөтпөй койгонго биз себепкер болбошубуз керек. Мындай пикирин бүгүн, 2-июнда депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

"Урматтуу төрага, биз күн тийген жердин күкүгү болбошубуз керек. Бул дагы (ред. Адахан Мадумаров) биздин арабызда отурган депутат. Макул, кимге кандай мамилеси бар экенин өзү чечишип алат.

"Жооп берейин, микрафонго чыгайын, мен дагы айтайын» деген сөзүн мен кайрадан добушка коюңузду өтүнөм! Мадумаров дагы адам, ушул жерде депутат. Баарыбыз отуруп, Мадумаровдун тилин кесип, сүйлөтпөй койгонго биз себепкер болбошубуз керек. 10 мүнөт чыгып сүйлөп койсун, башка эмне маселе?", - деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптады.

Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости