www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын январь-апрель айларында "Кумтөр голд компани" өлкө бюджетине рекорддук суммдагы акча которду. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, бул убакыт аралыгында компания мамлекет казынасына 11 млрд 389,9 млн сом которгон. Бул сумманын 3 млрд 604,3 млн сому – дүң киреше салыгы. Бир жыл мурун бул сумма ушул эле мөөнөттө 1 млрд 928,1 млн сом болгон. 2021-жылдын жыйынтыгы менен "Кумтөр Голд Компани" дүң киреше салыгы катары 8 млрд 30,3 млн сом төккөн.

Быйыл жылдын биринчи төрт айында 7 млрд 785,9 млн сом өлкөнүн минералдык-чийки базасын өнүктүрүүгө багытталган. Жылына бул базаны өнүктүрүүгө тапкан пайданын 4% жумшалышы керек.

"2021-жылы тарыхта биринчи жолу кендин жаңы жетекчилиги түшкөн пайдадан пландан жогорку бюджеттик салык үчүн 32,9 млн доллар төлөдү же бул кошумча салык үчүн 2 млрд сом которду" – деп белгиленген билдирүүдө.

Апрелдин башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл бийлик Кумтөрдөн салыктан тышкары 500 млн доллар таза киреше алууну пландап жатканын айткан.

"Кумтөр голд компани" 2021-жылы 14 тонна 561 килограмм алтын казылып алынганын, аны сатуудан түшкөн киреше 865 млн долларды түзгөнүн билдирген. Бирок бул алтын кайда сакталары тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Акылбек Жапаров Кумтөрдүн продукциясы өлкөдө каларын айтып, бирок кеңири түшүндүрмө берген эмес.

"Центерра голд" башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен "Центерра голд" быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан "Центерра голдго" 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми "Кумтөр Голд Компанинин" 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости