www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду "бийликти басып алууга аракет кылууда" деп айыптады. Ташиев бул боюнча ыкчам маалыматтар бар деди.

“Бизде толук оперативдүү маалыматтар бар. Булар мамлекетте чаң-тополоң уюштуруп туруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Мен айтып койсом, мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бир туугандарыңыз, ошол эле Абдысатар жана башкалар чогулуп алып, “жакында Адахан акебиз бийликке келет, биз буларга көрсөтөбүз” дегендер боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Жакында бир тууганыңызды камасак, дагы кыйкырып чыгасыз”, - деди Ташиев.

Мадумаров Ташиевге жооп берип, мыйзамдан чыкпай иш кылып келгенин белгиледи.

“Мен төңкөрүш кылам деп Ак үйдөн секирген эмесмин. Мен Конституциядан чыккан эмесмин. Төңкөрүштү силер кылгансыңар, силер жооп бересиңер”,-деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптады.

Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости