www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө. Бирок ошол колдо турган баа жеткис кенчибиздин баркына жете албай жатабыз. Таза суу, гидроэнергетикалык потенциалыбыз чоң. Тилекке каршы, өтүкчүнүн өтүгү жок дегендей, колдо турган байлыгыбызды ырааттуу пайдалана албай жатканыбыз зээнди кейитет. 

Элибизде, жаманды коногу бийлейт деген макал бар. Ташка тамга баскандай таамай айтылган. Колдо бар алтындын баркы жок болгон кенебегенибизден уламбы, же даяр ашты тыңдап жей албаган мажүрөө, чабал, эрксиз коркок төбөлдөрдүн кесепетиненби, коңшулар Кыргызстандын суу, гидроэнергетикалык ресурстарына көз артып, колдон жыра тартып биргелешип башкарабыз деп үстөмдүк кылып келе жатышат. 

Айталы, Өзбекстан дээрлик Кыргызстандан агып барган суу менен жан багышат. Милиарддаган киреше табышат. Папан, Керкидан, Орто-Токой, Кемпир-Абад, Токтогул суу сактагычтарындагы суунун көбүн пайдаланышат. Казакстан дагы Киров, Орто-Токой суу сактагычтарынын 80%ин пайдаланат. Кыргызстандын болсо миллиондогон гектар киреше берчү түшүмдүү сугат жери суу астында калды. Суу сактагычтардын дээрлик 90% пайдасын коңшулар көрүп жатат. 

Өкүнүчтүү жагдай, мына ушул абалды коңшуларга туура түшүндүрүп, топтолгон суунун пайдасын силер көп көрөсүңөр, силердин айыл чарбаңар, экономикаңар үчүн биз суу топтоп берип жатабыз, силер нефтигазыңарды саткандай эле, биздин суу астында калган жерибизге компенсация кылып, сууну сатып аласыңар деген шарт, талап койгонгондон тайсалдап эркибиз жетпей келет. Тескерисинче, суу, гидроэнергетикалык ресурстарыбызды, рычагыбызды Казакстан менен Өзбекстанга карматып, биргелешип башкарабыз деп бүжүрөп отурабыз. Образдуу түрдө орой айтканда, "бул менин аялым, бирок үчөөбүз тең бирдей башкарып, пайдаланабыз" деген эле арсыздык... Бул зордук, кордук да...

Мына жакында Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан, Өзбекстан менен 34%, 33%, 33% үлүштүк укукта биргелешип курмай болду. Үч өлкөнүн Энергетика министрлери келишимге, жол картасына кол коюшту. Бул жагдайды Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев укмуш жетишкендик катары сүйүнчүлөдү. Министр өз сөзүндө: "Камбар-Ата-1" ГЭСи курулуп калса өзгөчө биздин өлкө үчүн пайдалуу. Кыргызстан электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Учурда аталган ГЭСти курууга даярдыктар көрүлүүдө. Жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу боюнча даярдык жүрүп жатат. Анын кубаттуулугу 1860 МВт болот",- деп билдирди. 

Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров дал эле министр айткан ойду кайталап келип, ГЭС куруу жашыл экономикага кирет деп балп этти. Ким мындай кеңеш берип, жаңылыш пикирге түрттү экен?

Дегенибиз, ГЭС куруу үчүн миңдеген гектар жер, жайыт, майда бадалдар талкаланып, суу астында калат. Курт-кумурска менен канаттуу куштардын уясы жок болуп, жан-жаныбарларга зыян келет. Жашыл жаратылыш жабыр тартат. Тонналаган жардыргыч заттарды колдонуу менен курулуш иштерин жүргүзүү да зыян. Эми, атайын дегенибиз бул эмес. Кошуна мамлекеттерге суу, электр ресурстарыбызды карматып жатканыбыз. Негизи коңшулардын бирден-бир максаты Кыргызстанды сууга болгон рычагынан ажыратып, суу башын бөлүштүрүүгө катышуу болчу. Алар өз максаттарына жетишти. 

Дүйнөдө жакынкы чейрек кылымда, башкача айтканда 25-30 жылдын аралыгында сууга болгон талап, болуп көрбөгөндөй өсөөрү байма-бай айтылып жатат. Суу тартыш болуп, баасы алтындан кымбат болот. Коңшулар мына ушул абалды алдын алып, Кыргызстандын суу ресурстарына тең ата укукка ээ болуп, арканды алыс таштап, геосаясий планда стратегиялык жактан утушка ээ болушту. 

Биз болсо Өзбекстанга "Керкидан", стратегиялык мааниси зор "Кемпир-Абад" суу сактагычын карматып салганыбыз аз келгенсип, эми болсо Камбар-Ата-1 ГЭСине биргеликте курууга укук берип, энергетикалык ресурстарыбызга тизгин талаштырып жатабыз. Мындайды кыргыз кайда барсаң Мамайдын көрү деген. 

Арийне, суу ресурстарыбызды туура, ырааттуу пайдаланып, ГЭСтерди салуу, өзгөчө өзөн-дарыяларга жаратылышка анчейин зыяны тийбеген, каражат аз сарпталган, пайдасы көп чакан ГЭСтерди куруу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздап, экономиканы көтөрүү үчүн керек. Бирок, келечек муундун колу-бутун байлап, суу, гидроэнергетикалык потенциалыбызды, бирден-бир рычагыбызды коңшулардын колуна карматуу жолу менен эмес. 

Алмаз Темирбек уулу, NazarNews.kg

Последние новости