www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жиззах облусундагы абакта жазасын өтөп жатып качып кеткен эки өзбекстандык Сузактан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январда Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан эки жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча маалымат милицияга түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде катталып, иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Андижан облусунун 36 жаштагы К.А. аттуу тургуну жана Фергана облусунун 30 жаштагы Н.М. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Териштирүү учурунда алар мурда бир нече жолу соттолушкандыгы белгилүү болду. Акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах облусунда жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости