www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Асаналиев көчөсүнүн Красная көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализациялык коллекторду куруу иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, канализация түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу аталган көчөдө унаа кыймылы убактылуу токтотулду.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын борбор калаанын конокторун альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну суранат.

Эскерте кетсек, канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 чакырым. Жаңы канализация коллектору Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарына жаңы саркынды сууларды чыгаруу системасына кошулууга мүмкүнчүлүк берет.

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости