www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы саясатчылардын 2021-жылдагы мүлкү, киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясын жарыялады. Министрлер кабинетинин жана президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Эргешов Алтынбек Калдарович 1 млн 36 миң 864 сом киреше тапкан. Анын декларациясында 315 000 сомдук ири мүйүздүү мал, 180 000 сомдук жандык, 420 000 сомдук жылкысы бар экени жазылган.

Ал эми жакындарынын кирешеси — 300 000 сом жана 702 кв.м. жер, айыл чарба багытындагы 0,74 га жер аянты бар. Министрлер кабинетинин жана президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Укушов Мурат Каниметович бир жылда 919 009 сом киреше тапкан. Анын жакындарынын кирешеси — 576 134 сом жана 0,08 га жер тилкеси бар.

Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Исанов Алмаз Насирдинович бир жылда 526 467 сом киреше алганы жазылган. Мындан башка маалыматтар жок. Мамлекеттик катчы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович 1 366 575 сомдук киреше алганы, 39,81 кв.м жана 67,4 кв.м аянттагы батири, «Лексус RХ» үлгүсүндөгү автоунаасы бар экени жазылган.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Рысбекова Жыпариса Боронбаевна 1 250 722 сом киреше тапканы жазылган. Ал 41,4 кв.м. аянттагы батирге, жакындары 48,4 кв.м. аянттагы батирге ээлик кылат. Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Шүкүрбеков Улугбек Абдималиковичтин кирешеси 654 927 сом жана 77 кв.м. аянттагы батири, 100 000 сомдук ири мүйүздүү малы бар экени жазылган.

Туугандарынын «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автомобили бар. Мунапыс боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Калматов Анарбек Баратович бир жылда 1 224 134 сом киреше алган.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Малдыбаева Салиман Жанузаковна 185 724 сом, жакындары 135 000 сом киреше алышкан. Ошондой эле 64 кв.м. батири бар. Президенттин чек арадагы аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Кошбаков Кайрат Зулпукаровичтин кирешеси 218 307 сом болгону, жакындары 96 кв.м. батирге ээлик кыла турганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости