www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарынын тургуну Жеңиш Сеитбеков ургаачы карышкырды тузакка түшүрүп, элден 15 миң сом акчалай сыйлык алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жазы-Кечүү айылынын тургуну Камчы Көлбаев Турмуш басылмасына билдирди.
Анын айтымында, Ж.Сеитбеков карышкырды 10 күн мурун Чоң-Кыштоо айылынын аймагында тузакка түшүргөн.
«Жеңиш тузактан карышкырды алганы барганда ал тирүү экен. Бел жагынан кыпчылып калганы терисинен байкалып турат. Андан кийин ал жырткычты айылга алып келип, бизге билдирди. Баарыбыз чогуу шаар башчысына жана шаардык кеңештин төрагасына алып барып көрсөттүк. Андан соң Жазы-Кечүү айылынын элине көрсөттүк. Жазы-Кечүү, Кара-Көлдүн эли ар бир кармалган карышкырга 15 миң сомдон сыйлык берилерин айтышкан эле. Аталган айылдын тургундары акча да топтоп коюшкан экен. Ошол акча каражаттан 15 миң сом берилди. Ал эми, мэрия ар бир карышкырга мыйзам чегинде 6 миң сомдон бериле турганын билдирди», - деди ал.

К.Көлбаев Кара-Көл шаарынын аймагына карышкырлар Нарын өрөөнүнөн 5-6 жыл мурун ооп келгенин белгиледи.
«Нарында тоолор жайык жана түздүктүү болгондуктан карышкырларды атып алууга оңой. Ат менен чаап алса да болот дешет. Ал эми, биздин тоолор жайык болбогондуктан мергенчилерге аларды атууда кыйынчылык жаралууда. Мергенчилердин айтымында, учурда Кара-Көл жайлоосунда 5-6 даана, Көк-Белдеги экинчи кашарда 6 даана, шаардын аймагында 2 даана карышкыр жүрөт. Шаар аймагында эки карышкырдын бири тузакка түшүрүлдү. Быйыл он баш жылкыны карышкырга алдырдык. Карышкырлар элдин мал-жандыктарына, жылкыларына кол салууда», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости