www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин сыр куржунубузга окурмандардан төмөнкүдөй кат келип түшкөн. Окурман кызыбыз атын ачык айтпоону өтүнүү менен өзүнүн көйгөйүн жарыялап элден кеңеш алгысы келип жатканын билдирди.

Менин атым Адина, сиздер менен өз көйгөйүмдү бөлүшүүнү туура көрдүм. Мен 26 жаштамын күйөөм менен ажырашканыма 4 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр жалгыз эмесмин кызым бар. Эми мендеги көйгөй ошол убакыттан бери эч бирөө менен интимдик мамиледе болгон эмесмин. Анткени мурунку күйөөм мени мыкаачылык менен ур токмокко алып,  зордуктачу. Ошол нерселердин таасиринен уламбы, айтор эркек аттуунун баарынан көңүлүм калган. 

Эми кунарсыз жашоомо бурулуш алып келген мырза мага 8 ай мурун жолукту. Ал менден 5 жашка улуу болгондуктан баарына акылы жеткен, салабаттуу, көргөн адамдарды суктандырган мырза эле. Мен ал адамга эмне үчүн тартылып жатканымды өзүмдө анчейин түшүнө бербейм. Ушул жашка келгени эркектерден камкордук көрбөй кордук көрүп келгенге мен "эркек" аттуунун баарын жек көрүп калгам. Айтор мен сиздерге айтып жаткан мырзам мендеги муздардын баарын ээритип, кызымды да өзүнө имерип алды. Мен бул келген бактыма жетине албай, ал адамды апам менен тааныштырып койдум. Апамда менин бактымды көрүп ишенген адамымды таап алганыма сүйүнүп олтурду. Ал адам баарыбыздын ишеничибизге кирген соң, бир күнү тойго барып келели деп мага сунуш кылып калды. Мен дароо эле кызымды апама жеткирип, апамдан уруксат сурап ал менен жетелешип үйдөн чыгып кеттим.

Кызыгы ал мени тойго алып барбастан, мейманканага ээрчитип барды. Мен ал адамга ишенгендиктен жаман оюм жок суроо бербестен мейманканага кирип кеттим. Ал жактан экөөбүз кошулуп алдык. Бир маалда мени "сууга түшүп чык"- деп жуунучу бөлмөгө киргизип койду. Мен жуунуп алып чыксам мен ишенген адамым жок... Аябай таңкалып телефон чалсам "мен шашлыш иштерим менен кетип калдым сен шашпай эс алып ал да анан үйгө бар, кийин байланышабыз"- деп орой сүйлөп трубканы коюп салды.

Мен ал окуядан кийин ал адамды 4 күн күттүм. Айласыз мен туңгуюкка кептелип калганымды сезип, өзүм биринчи кадам таштайын деп званок кылсам "Сени менен кумарга баткандан ырахат албадым, эми мени тынч кой!"- деп трубканы басып салды. Азыркы менин абалымды сиздерге сөз менен айтып жеткире албайм. "Өлүп эле алгым келет, апам менен кызымды ойлоп айласыз туңгуюк жашоомо кайра кайтып келдим. Анысы аз келгенсип этек кирим да келбей жатат. Кыскасы боюма да бүтүп калган окшойт... Сиздерден кеңеш күтөм канткенде мен туура тандоо жасап бул кырдаалдан чыгып кете алам...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости