www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Курманбек Сапарович, капыстан эле президенттин Жогор­ку Кеңештеги өкүлү болуп калганыңызга түшүнбөй калдык. Бабановду «сатып» кеттиңизби ошондо?

—Эч кандай сатып кетүү деген болгон жок. Өмүрбек Токтогулович менен дайыма сый-урматта элебиз. Ал киши менен чогуу 5-чакырылышта иштедик. 2015-жылы шайлоого барып 30 миң добуш алып бердик. Алдын ала убадалаган 3 мандат берем деген убадасына турбай койду. Ошондуктан мамилебиз солгундап калды. 10-сентябрда президенттик шайлоо болоордун алдында жолугуп 4 саат сүйлөштүк. Ал киши кайра мени командасына чакырды. «Өмүрбек Токтогулович, ортодон эки жыл өтүп кетти. Ушунча убакыттын ичинде сиз бизди кабыл албай, телефон чалсак жооп бербей, убадага турган жоксуз. Шайлоочулардын мүдөөсү аткарылбай калды. Эми сиздин командага барсам шайлоочулар, эл түшүнбөй калат»-деп айттым. Ошол жерден Өмүрбек Бабанов менден кетти деп кечирим сурады, мен кечирдим. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар «сатып кетти» деген сын-пикирлерди жазып жатышат. «Сатып кетүү» менин адамдык сапатыма туура келбейт.

– «СДПКнын» катарына ким чакырды сизди же өзүңүз өтүнүч кылдыңызбы?

—Өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулар өздөрү: «Ыймандуу, таза бийлик шайлайлы, өзгөрүү болсун» дегенден кийин азыркы президентти колдоп, Түп району жеңишке жетиштик. Бул жерде эч кандай саткындык жок. Муну ар бир адамга айтып олтура албайм да. Биздин максатыбыз бир – Кыргызстанда өнүгүү жана мыйзамдуулук болсо экен дейбиз.

Сезим Мураталиева

Булак: "Де-Факто" 

Последние новости