www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түн ортосу. Көп кабаттуу үйдүн балконунда жүздөгөн майда жарыктарды тиктеп, түнкү шаарга суктанып турам. Миңдеген жарыктын арасынан сени таап алчудай тиктегеним тиктеген. – Үшүдүм... Жок, эшик суук эмес, шамал деле жок. Сен жок үшүдүм... Сенин жылуу кучагыңсыз... Дүкүлдөп соккон жүрөгүңдүн дабышын сагындым. Ичимдеги бушайман ойлор жүрөгүмдү тилип жаткандай сезилет. Токтобос убакыт акыры өзүнүкүн алып тынды.

Жеңилдим... Түгөнбөчүдөй сезилген бактылуу күндөр да акыркы чегине жетти. Тагдырыбыз эки айрылышка туш келип, кол үзүүгө аргасыз болдук. Алсыз экенмин, сени кармай албадым. Токтотуп, түшүндүрүп айта албадым. Балким, ошентсем менин чындап сүйөрүмө ишенер белең?.. Оройлонуп көңүлүңдү оорутуп, жаман сөз айтып сени таарынткандарым эсимде. Ооба, мага таарынчудай эле мамиле жасаптырмын. Мен сени чындап сүйчүмүн, сезимдеримди кээде башкара албай да кетчүмүн. Бейтааныш адамдардын көз карашынан кызганып, кээде өзүмдөн-өзүм да кызгана кетип, эмне кыларымды билбей калчу элем. Ар бир тамган көз жашыңдын азабын мына эми тартып жатам.

Болбогон таарынычтын айынан сүйүүбүзгө балта чаптык. Текеберлигимдин айынан кайрылып келет деп камырабай жүрө бердим. Бирок сен негедир кайрылбадың. Сен чалбадың, мен да чалбадым. Сен келбедиң, мен да жалдырап барбадым. Мага өчөштүңбү же чындап эле башканы сүйүп калдыңбы, түшүнө албадым. Баарын никеңер кыйылган соң гана уктум... Эки жыл мурун кол үзсөк да, сезимдерим ошол ысык бойдон сакталып келет. Бактылуу болдуң бекен? Билбейм...

А мен бактысызмын... Башка бирөөнүн кучагында экениңди элестетсем, азыркы турган 9-кабаттан секирип кетким келет. Бирок уулумдун келечегин ойлойм. Жубайым бар, уулум бар аталаган... Бирок ортодо сүйүү жок.

Мен издеген жылуулук, жалбырттаган сезим жок. Жубайым жакшы адам, ал баарына чыдайт, мен аны сыйлайм. Кантсе да өз канымдан жаралган уулумдун энеси. Бек Борбиевдин ырын угуп калдым “келсең эгер нетер элем, ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, балким, баарын кечер элем?” деген. Убакыт дарылайт дейт, бирок андай эмес окшойт. Күндөн-күнгө эле кайрадан мурунку жашоомдун катачылыктарына чөгүп бараткандаймын. Жакында эле сейил бактан балаң экөөңөрдү капыстан көрүп калдым. Денемди калтырак басып, көз жашымды жутуп, сени алыстан тиктеп тура бердим. Ишенесиңби, ушул күнгө келип көз жаштын даамы туздуу экенин эми гана билдим. Өкүнүч менен жашаган абдан оор экен. Балким, баарын өз убагында, туура чечсек, экөөбүз тең бактылуу болмок белек? Бири-бирибизсиз курган турмушка өкүнбөй өтөр белек?!

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"

Последние новости