www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пазилат Тажибаева Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жашайт. КР Эмгек сиңирген мугалими. КР Акыйкатчынын өкүлү кызматын 5 жыл аркалаган. Пазилат айым,13-июлда Жогорку Соттун Ахматбек Келдибековдун соттуулугун 8-ноябрда алына тургандыгын жарыя кылганын “саясый буйрук” , деп айтты.
-Эл аралап саясатта жүргөнүмө 25 жыл болду. Кандай гана саясатчылар үчүн жанымды үрөп чуркаган жокмун. Көп саясатка аралыштым. Ушул Кыргызстан түптөлгөндөн бери канчалаган шайлооолордун башында турдум. Тилекке каршы барган сайын адамдардын саясатчыларга болгон көз карашы өзгөргөнүн байкап турамын. Мен бир нерсени айтпай кетпесем болбойт. тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин, “бергенин ала бергиле, жүрөгүңөрдөгүнү шайлагыла” деп түбөлүккө түзүп кеткен урааны сакталып, кыргыз элин төргө эмес көргө сүйрөп салды.
Ал сиңип калган сөздүн артынан Кыргызстан 25 жылдан бери запкы тартып келе жатат. Эми болсо бийликке бизнесмендер келип, чыныгы Ахматбек Келдибековго окшогон патриотторду колдобой сүрүп чыгарып, эптеп жамантты кылып чыгарып жатышат. Бийлик атайын Ахматбек Келдибеков үчүн шайлоону октябрь айына жылдырды. Президенттик шайлоо ноябрда болмок, жанталашып, октябрга жылдырганынын себеби Ахматбек Келдибеков бирден-бир ар тармактуу тажрыйбалуу күчтүү талапкер. Эгерде БШК Ахматбек Келдибековду президенттикке каттабай койсо анда иш чатак болот. Саясый бийликтин бул жүрүшү жакшылыкка алып барбайт жана арты жакшылык менен бүтпөйт. Мен муну эл арасында жүргөн адам катары айтып койоюн.
Булак: NazarNews.kg