www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Өзүм жөнөкөй болгонум менен, ичимде өжөрлүк, тайманбастык күчтүү эле. Дал ошол мүнөзүмдүн айынан турмушумда жетпей калган максатым болгон жок. Кызматымдан бир тепкичтен бирине өйдөлөп отурдум, үй-бүлө күттүм, бала-чакалуу да болдум. Мамлекеттин эң күчтүү тармагын башкарып калдым. Бизнесим да жакшы жүрүшүп жатты.

Чындыгын айтканда, чечилбей турган маселе мен үчүн жок эле, өзүмө болгон ишеничим өтө чоң болгондуктан, бул дүйнөнү толук багындырдым деп ойлогом. Көрсө, бул жарыкта байлыкка сатып алгыс, бийликтин да алы жеткис баалуулуктар бар экен. Алар – өз каныңдан жаралган балдарың жана үй-бүлөң. Көбүнчөсү булар жаныңда жүргөн учурда кол жеткис экени билинбейт тура. Жашым элүүдөн ашканча жумуш деп жүрүп, аялым менен балдарымды айлап көрбөй калган күндөрүм көп болду. Алар менен чогуу отуруп баарлашуу, эс алуу деген нерсе жокко эсе болчу.

Жубайым тектүү жердин кызы, мүнөзү токтоо, акылдуу жан эле, мен баркын билбепмин. Булардын баарын мен жападан жалгыз калганда гана түшүндүм... Адам баласына телегейи тегиз, бир калыптагы жашоо да жакпайт экен. Кээде туруп баары жайында болсо деле бир нерсе жетишпегендей, жаңы нерсе издеп калчумун...

Уландысы бар...

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости