www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көйгөй                    

Кыргызстандын ичкипаспортунан «улут» графасын биротоло алып таштоо боюнча өкмөттүн демилгеси ансыз деле ажырымга толгон кыргыз коомчулугуна дагы бир сыйра жик таштады. Бир тарабы бийликтин бул аракетин кыргыз элинин тагдыры үчүн тымызын коркунуч катары бааласа, экинчи тарабы тескерисинче,муну мамлекетти бекемдөөнүн каражаты катары көрсөтүп, өз оппоненттерин ошондой «жаркын идеяга» каршы чыккан чектелүү, түркөй кишилер катары көрсөтүүдө.
«Улут» түшүнүгү кыргыз кыртышына келгенде ар башка бааланып жатышы тарыхый себептерге байланыштуу. Кеңеш өкмөтү улут (национальность) деп улутун (этносун) түшүнүп, аны автономия, республика ж. б. административдик бирдиктерди киргизүүдө негизги чен-өлчөмдөрдүн бири катары караган. Ал арада Батыш мамлекеттеринде улут (нация) термини бүтүндөй өлкөнүн эли тууралуу жалпы түшүнүккө айланып кеткен. Ошентип, улут тууралуу түшүнүктүн өзү эки башка шартта эки башка калыптанган. СССР убагында «улут» деп тили, маданияты, теги, тарыхы, өңү-түсү, каада-салты менен айырмаланган конкреттүү кыргыз, орус, өзбек ж. б. улуттарды түшүнсөк, көптөгөн башка мамлекеттерде «улут» деп тегине карабастан,кайсы бир мамлекеттердин жарандарын билип калышкан. Ал түшүнүк улуттук (этностук) алкакка таптакыр байланбаган мамлекеттердин да жарандыгына негиз болууга жетишти. Бирок улут тууралуу ушундай эки башка түшүнүктүн өзү ого бетер талашка жем таштап келатканы да чын.
Кыргызстанда башкаруунун негизги принциби катары тандалып алынган демократия шартында бийликтин бирден-бир булагы Эл болуп эсептелет. Мамлекет -болгону Элдин чечимдерин, мүдөөсүн мыйзамдаштырат. Анын негизги милдети ошол. Бул айрыкча элдин тагдырына түздөн-түз таасир эте ала турган чечимдерге тиешелүү. Улуттун улуттугун аныктай турган ар кандай жагдайлар – ашык-кеми жок, дал ошондой чечимдердин катарында. Сөз болуп жаткан принциптин алкагында, демилге расмий түрдө элдин өзүнөн чыкпаган күндө да, Өкмөт жогортон таңуулаган өз сунушун жетиштүү жүйөөлөр менен  далилдей алган жок.
Паспорттон улут тууралуу графаны алып таштоо боюнча демилгени эл эмес, Өкмөт өзү көтөрүп чыкты. Улуттун тагдырына тиешелүү маселе боюнча Эл менен кеңешпестен, референдум өткөрбөстөн кабыл алынган чечим – бери болгондо чийки, а чындыгында уурулук катары бааласа болот.
«Улут» графасынын жоюлушу эмнени чечет? Өкмөттүн жүйөлөрү жана турмуш чындыгы
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана аны колдогон адамдар улут тууралуу графаны ички паспорттон алып салуу боюнча сунушту бир нече жагдайлар менен негиздөөгө аракет жасашты. Алардын ар бирин сын көз менен талдап көрөлү.
1. «Улут тууралуу графанын эч кандай зарылдыгы жок»-деген жоромолго жооп. Баш мыйзамдын 20-беренесинин 5-пунктунда жаран өзүнүн кайсы этноско (тиешелүү графага карата – улутка) таандык экендигин өз алдынча аныктоо жана көрсөтүү укугу эч кандай чектелбейт деп кашкайта жазылып турат. Кыргызстандын шартында жарандын улуту анын паспортунан башка бир да маанилүү документке жазылбайт. Чипте көрсөтүү – ал көрсөтүү эмес, жабык маалымат базасы. Демек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү биринчи иретте Баш мыйзамды жетекчиликке алып иш жүргүзгөнү чын болсо, азыркы сөз болуп жаткан демилгесинен токтоосуз баш тартуу – анын түздөн-түз милдети.
2. «Улут тууралуу графаны алып таштоо улут аралык ынтымакты бекемдейт». Бул да далили жок түшүнүк. Улут аралык мамиле паспорттогу графага эч кандай тиешеси жок. Мисалы, бул графаны паспорттон алып салган Түркияда күрд жикчилдигинин маселеси эч кандай чечилген жок, тескерисинче күчөп жатат. Бул факт.
3. «Улут тууралуу графаны алып таштоо жалпы жарандык сезимди калыптандырууга жардам берет». Эч кандай жардам бербейт жана экөөнүн ортосунда түздөн-түз себеп-натыйжа байланышы жок. 2-пункттагы мисалды карагыла. Анын үстүнө паспорттун өзү эле жарандыктын белгиси. Дагы башка кандай белги керек?
4. «Улут тууралуу графаны алып таштоо кыргыз тилин өнүктүрүүгө жардам берет» (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Кыргыз тилин өнүктүрүүгө паспорттогу графанын эч кандай тиешеси жок. Ал үчүн орус тилинин расмий статусун алып таштап, мамлекеттик иш кагаздарынын баарын кыргыз тилине өткөрүп, жарандарды мамлекеттин атынан кыргыз тилинде гана тейлеш керек. Аны өкмөт да, парламент да, убагында ушул азыркы Башмыйзамды түзгөн Конституциялык кеңешме да жасаган жок.
5. «Паспорттун пайда болгонуна 70 эле жыл болду, ал эми кыргыздын пайда болгонуна 7 миң жылдан ашты» ( Т. Сарпашев). Бул эч кандай логикалык негизи жок салыштыруу. 7 миң жыл мурун азыркыдай шарт да, азыркы типтеги мамлекет да, паспорттун зарылдыгы да болгон эмес. Япония сыяктуу 99% бир улуттан турган, болгондо да түпкү улуттун бардык белгисин сактап калып, өркүндөтүп келаткан мамлекет болсок бир жөн эле. Тилекке каршы, андай дагы эмес.
6. «Улуту жөнүндө графа жазылса башка улуттар автономия сураганга негиз түзүлөт»( Т. Сарпашев).Бул тенденция өзгөрдү. Акыркы жылдардагы окуялардан кийин ошол автономия сурайт деген улуттар ал идеянын канчалык келечексиз экенине биротоло көзү жетип , айрымдары улутун кыргыз кылып жаздырыш үчүн аракет кылып, айласы кеткенде пара берген учурлар кездешип жүрөт. Тескерисинче, алардын так ушул демилгесин колдош керек. Эгерде Кыргызстандагы башка улуттар өз ыктыяры менен кадимки эле улутун (жарандыгын эмес, этносун) ачыктан-ачык «кыргыз» деп тандап алышса, ошонун жоопкерчилигин алып, кыргыздын тилин үйрөнүп, салтын кабыл алып, маданиятына салым кошсо – биз үчүн эң жакшы жолу ошол болот. Сиңирсек табихый жол мененби, айкөлдүк жол мененби чындап сиңирели.

  1. «Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында тең улут тууралуу графа жоюлган» (Т. Сарпашев). Паспорттон улут тууралуу графаны таптакыр алып салган мамлекеттер – Европа мамлекеттери. Бирок акыркы жылдардагы окуялар Евробиримдик туу туткан мультикультурализм саясаты жарактан чыгып калганын, тескерисинче өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө абдан тескери таасир этээрин ал жактын көптөгөн саясатчылары өздөрү айтып чыгышты. Толтура кишини кабыл алып, жарандык берип, эми алардан кутула албай айласы алты кетип жатышканын фактылар тастыктап турат. Мультикультурализм саясатынын кесепети тууралуу ушундай эле тыянак Президент А. Атамбаевдин жакында сүйлөгөн сөзүндө моюнга алганы да бар.

Улут графасынын жоюлушу кандай коркунучтарга алып келет?
1.Миграцияга байланышкан коркунучтар. Азыркы тапта кыргыз улутундагы көп кишилер четке чыгып кетип, барган жеринин жарандыгын алып жатышат. Алардын ордуна айрым башка улуттагы жарандардын өтө тез көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Өкмөт бул тенденцияны тескери жагына буруп, өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, Кыргызстанда кыргыз элинин үлүшүн чындап арбытуунун ордуна, мигранттар үчүн түзүлгөн шарттарды жеңилдетүүнү негизги багыт катары тандап алды. «Мигранттардын барып иштешине шарт түзөлү» деген сөз – түпкүлүгүндө «кыргыз ого бетер тентисин» деген сөз! «Кыргызстанда кыргыздар азайып, ордун башка улуттар бассын» деген сөз. Мындай шартта, мисалы, 40-50 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыздар азайып, азчылыкты түзүп  калса – чыныгы коркунуч ошол. Анда саясий маселелерде Кыргызстандын тагдырын кыргыздар эмес, улуту көрсөтүлбөгөн, бирок кыргыз жарандыгына ээ болгон башка адамдар чече баштайт. Кыргыздар улут катары өз кызыкчылыгын эч жерде коргой албай калат. Анткени «улут» деген терминдин өзү – паспортто далилденбеген, эч жерде тастыкталбаган, чипке киргизсе киргизип, киргизбесе деле боло бере турган борпоң түшүнүккө айланат.

  1. Коррупцияга байланышкан коркунучтар. Акыркы учурларда коррупциялык механизмдер дал ушул паспорт маселесинде канчалык күч алганын турмуштук фактылар далай ирет көрсөттү. Паспорт берүү иштери коррупциялык ыкмалар менен, мисалы, 20-30 жылдан кийин кытайлыктар паспорт алып, каалашынча көбөйүп, дагы 50 жылдан кийин кыргыз жарандарынын атынан Кыргызстандын Кытайга кошулушу тууралуу же «эл аралык достук үчүн» кытай тилине расмий статус берүү боюнча маселе көтөрбөйт деген кепилдик барбы? Кыргыз жарандыгын да, орус жарандыгын да алып алган орус тилдүү башка улуттагылар Маскөөңүн шыкагы менен «Орусиянын курамына кошулалы» деп 100 миң кол чогултуп киришсечи?

.Азырынча андай болбойт деген кепилдик жок. Ошол кезде «сен кытайсың (же башкасың)» деп көр. «Эч кандай кытай эмесмин, сенден өткөн кыргызмын» дейт. Анткени паспорту боюнча  «кыргыз жараны». Ичи баягы эле кытай. Паспорт Кыргызстандыкы болуп чыгат.  Анда эмне кылмакчыбыз?
III. Демографияга байланышкан коркунучтар. Кыргызстанда кыргыздар башка улуттагыларга салыштырмалуу саны жагынан өтө эле жайбаракат көбөйүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бул тенденция жакынкы жылдары дагы сакталып кала берчүдөй. Жарандардын улуту так көрсөтүлүп турса – бул маселенин масштабын даана байкап, маселе көтөрүп, коңгуроо кагып, алдын алып, чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми улут тууралуу графаны жоюп салгандан кийин андай маселе коюлбай да калат. Андыктан улут тууралуу графаны жападан-жалгыз жарандык документтен алып салуу – улут тууралуу далилдүү маалыматты жоюп салуу менен барабар. Улутту адегенде паспорттон, андан кийин мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу чөйрөсүнөн, андан кийин дүйнө жүзүнөн жок кылууга багытталган, чындап келсе ири геосаясий борборлордун алысты көздөгөн кызыкчылыгы үчүн жасалган кадамдардын эң алгачкысы.                  

                   Эмне кылуу керек? 
Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, ички паспорттон улут тууралуу графаны алып салуу азыркы этапта таптакыр максатка ылайыксыз деген жыйынтык келип чыгат. Ал тургай паспортторду даярдоо, берүү ишмердүүлүгүн улуттук коопсуздук маселеси менен түздөн түз  байланыштуу болгондуктан, жеке менчик фирмаларга берип салбастан толук мамлекеттик көзөмөлгө алуу зарыл.Ал эми сөз болуп жаткан  улуттук коопсуздук маселесин чечүүнүн төмөнкүдөй кадамдардан турган комплекси максатка ылайык:
1) Орус тилинин расмий статусун алып салуу, дегеле кыргыз тилинен башка бардык тилдерге кандайдыр расмий статус берүүдөн баш тартуу жана мамлекеттик тилди мамлекеттин бардык чөйрөлөрүнө, менчик формасына карабастан адамдарды тейлөөгө байланышкан бардык кызматтарга милдеттүү түрдө киргизүү.
2) Кош жарандуулук тууралуу нормалардын баарын алып салуу. Кош жарандуулуктун өзү эле – Кыргызстандын келечеги үчүн стратегиялык коркунуч.
3) Кыргызстандын жарандыгы сырттан келгендердин арасынан кыргыз улутундагы адамдарга гана бериле турган нормаларды кабыл алуу.
4) Жарандык берүүдө аны кабыл алып жаткан адамдын жарандык милдети башка бардык кызыкчылыктардан (жеке, диний, башка мамлекеттердин ж. б.) жогору тураарын моюнга алган милдеттенмени киргизүү. Мисалы, АКШда ушундай маанидеги ант – жарандыкка кабыл алуунун милдеттүү процедурасы болуп эсептелет. Ал жагын эмнеге туурабайбыз?
5) Кыргыз жарандыгын алгысы келгендердин баарынан кыргыз тилинен, кыргыз тарыхынан экзамен кабыл алууну мыйзам нормаларына киргизүү. Мындай көрүнүштөр да эл аралык тажрыйбада бар.
6) Башмыйзамдагы абстракттуу «адам укуктарын» конкреттүү Кыргыз Республикасынын элинин укуктарынан жана кызыкчылыгынан жогору койгон нормалардын баарын жокко чыгаруу. «Адам укуктары» башка бардык тараптар үчүн иштеп, Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн келгенде эле бир да маселе боюнча иштей элек.
7) Түзүлүп жаткан маалымат базасына адамдын өзүнүн эле эмес, анын ата-энесинин, 7 муунга чейинки ата-бабасынын мамлекетке каршы кылган кылмышы тууралуу маалымат үчүн атайын графа киргизип, эгерде андай фактылар бар болсо – чиптеги графада атайын чакан белги коюу. Мунун тарбиялык мааниси бар. Кыргыздын кызыкчылыгына каршы иш кылган ар бир адам укум-тукумуна чейин уят болоорун эмитен эле билсин.
Улутум – кыргыз, урааным – Манас.

 Булак: демилге.кж

Последние новости