www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозо – организмдин табигий табыпы

Орозонун ден-соолукка пайдалары өтө көп. Орозо – табигий табып десек болот. Орозо учурунда организм уулу заттар, шлак, туздар жана башка «таштандылардан» тазалана баштайт. Себеби сырттан келип жаткан азык заттар түгөнгөндө, организм өзүн сакташ үчүн ички элементтер менен азыктана баштайт. Ички элменеттер деген эмне? Шлактар, туздар, радикалдык элементтер, вирус жана микробдор. Булар организмибиз үчүн жакшы «азык» болуп, ал тарабынан жеп жоголонот.

Андан тышкары. Узак убакыт ачка болгондо тамакты сиңирүүгө кетип жаткан энергия — клеткаларды тазалоого сарпталат: адамдын заарасы, тери, деми аркылуу жылдап денебизге толуп калган кирлер чыга баштайт. М: Орозо учурунда 1 литр заарадан 90г кир, дем аркылуу 150 уулу заттардын түрү чыгат.

Адам эмнеге ооруйт?

Организм кир жана шлакка толуп калгандан ооруйт. Демек орозо – бул табигий табып десек болот. Далилденген илимий факт боюнча оорулардын 99 пайызын орозо кармап денеден шлактарды чыгаруу аркылуу жеңсе болот экен.

Орозонун ден-соолукка пайдалары’нын дагы бирөө, орозо учурунда организмдин функцияналы өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп – дене жаңыча иштей баштайт. ОРОЗОНУН МЕДИЦИНАЛЫК МААНИСИ – ОРГАНИЗМ СЫРТТАН ТАМАК-АШ АЛБАГАНДА – ӨЗҮНҮН ИЧИНДЕГИ ЗАТТАР МЕНЕН АЗЫКТАНУУГА ӨТҮШҮ.

Бул дегендик организм өзүн-өзү тазалоосу (самоочищение).

Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт

Адамзат жылына 3 миллион тонна дары-дармек ичет – бул канча деген миллиард сом! Ал эми тамак-ашка кетирген каражат канча эсе көп. Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт.

Анан ушандай болуп калып жатпайбы: Адам тамактанам деп балээнин баарын организмине толтура берет, ооруйт, анан кайра айыгам деп дары-дармек ичи берет. Бирок экинчиси биринчисинен пайдалуураак эмес.

Орозо – организм үчүн табигий дары.

Ал аркылуу дененин өзүнүн ички ресурстары ачылып, организм өзүн-өзү дарылоого өтөт. Мына, айбанаттарды карасаңыздар. Бир жери ооруса алар жаратылышындагы инстинкт аркылуу “орозо” тутуп киришет. Ушундай бир окуя болгон: Бир итти мотоцикл сүзүп кетет. Ал тамак жана суудан баш тартып, караңгы сарайда бир жума жатат. Сегизинчи күн болгондо гана суу ичип, анан кичинеден тамак жей баштайт. Медициналык көз караш менен алганда – бул жаныбар кырсык учурунда травма алган, жаратына суу толо баштаган (отёк). Ит суу ичүүдөн баш тартып өз жаратын айыктырып алды, ошентип аман калды.

Аллахтын буйруктарынан алыстап, мыйзамдарын бузган сайын адам кыйынчылыкка дуушар боло баштайт эмеспи. Мына, орозо тутпаган адамдар көп оорушат, алсыз, чабал келишет. Көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Бактияр Темиркулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости