www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Бир күнү жумушта кофе ичип отуруп сыналгыны жандырдым. Спорт менин эң жакын досум болгондуктан, жаңылыктардан кийин спорт тууралуу берүү көрүп жаткам. Анан эле «көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын жаңы чыгып келе жаткан спорт жылдызы...» деп бир кыз жөнүндө берүү көрсөтүп калышты. Кунт коюп, чалууларга да жооп бербей аягына чейин көрдүм. Чынында, ийгиликтериң сага болгон кызыгууну жаратты. Маалымат катчымды чакырдым да, сен тууралуу болгон маалыматты топтоосун буюрдум. Негизи менде бир ой пайда болсо, аны бат ишке ашырганга көнүп калгам. Ошондуктан эртеси эле баалуу белек алдырып, сени куттуктап коюуну шылтоо кылып алдыма чакырттым.

Бир оокумда эшиктен: – Уруксатпы, саламатсызбы? Чакыртыпсыз...- деп бир аз иймене кирип келдиң.

Көз алдымда бою узун, келбеттүү, каш-кирпиктери кара, жаш кыз турду.

– Саламатчылык, келиңиз, төргө өтүңүз,- деп өйдө тараптан орун көрсөттүм.

Ошол күндөн тарта сени толук өз камкордугума алып, колдой баштадым. Башында мындай жардам кылууну парзым, спортту колдоом деп билсем, бара-бара бул мамиле башка нерсеге айланып кетти. Сенин мүнөзүң, кайратың, айтканыңдан кайтпаган өжөрлүгүңдөн дайыма өзүмдү көрчүмүн. Ошондон уламбы, сага болгон сезимим ойгоно баштады. Көп ойлонбой бир күнү кечки тамакка чакырып, сезимдерим тууралуу айттым.

Сен биринчи укканда күлүп жибердиң да, анан бир азга ойлонуп туруп: – Сиз менден 25 жаш улуусуз да,- дедиң.

Мен минтип айтарыңды билгем, бирок кебелбей туруп: – 25 жаш болгону математикалык эсеп же ошончолук эле картаң көрүнөмбү?- десем, сен мага тигиле көпкө карадың да: – Чын эле аябай жаш көрүнөсүз,- деп акырын гана шыбырадың.

Буга чейинки жашоом ак-кара түстөгү кино сыяктуу болсо, ушул жолугушуудан соң менин дүйнөмдө мелодрама башталды. Чет мамлекеттерге жумуш менен барамбы, эс алуугабы, элитанын көңүл ачуучу кечелери болобу, сен дайым жанымда болчусуң. Ал эми аялым тууралуу ойлонуп да койбодум. Сени үй, машина мында турсун, чоң кызматка да орноштурдум. Ошентип экөөбүз жөнүндө маалымат каражаттары ачык эле жаза баштады. Ал тургай аял, бала-чакам да угуп, кыйла ызы-чуу салышты.

Бирок баары пайдасыз, анткени сенин боюңда бар эле. Көп өтпөй балканактай уул төрөп бердиң. Сүйүнүчүмдө чек жок. Анан никебизди мыйзамдаштырайын деген максатта жубайымдын макулдугун алуу үчүн аны жолугушууга чакырдым. Ал болсо үн катпай ажырашууга жазылган арызын алдыма таштап кетип калды.

Кечинде артынан үйгө барсам, сакчылардан башка эч ким жок. Болгону ал жазып таштап кеткен кат турат. «Мен сени түшүнөйүн деп канча ирет аракет жасадым. Бирок өмүрүмдүн баарын сага арнап, жыйынтыгы мага ушундай кайгы алып келерин билсем кана?! Калган жашоомду өзүм каалагандай өткөрүүнү чечтим, мени сыйласаң такыр тынчымды алба, акыркы ирет сотто көрүшөлү!» Окуп алып башыма эч нерсе келбей, турган ордумда каттым.

Убакыт өтүп, сот да болду....

Эскертүү: "Мен миллионермин бирок бактысызмын" деген теманын уландысы http://www.nazarnews.kg/news/6324 ушул шилтемени басыңыз.

Уландысы бар

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости