www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча Өзбекстан менен кабыл алган чечимдер боюнча маалымат берүүдө.
Анда Камчыбек Ташиев Чечме булагы боюнча түшүндүрмө берди.
«Чечме боюнча. Былтыр Чечме булагында жаңжал чыгып, элдер кагылышкан. Чечмени мен барып көрдүм. Чечме 2 сотых жерде турат экен. Чечмеден чыккан суунун 80 пайызы Өзбекстанга агып кетет экен.
Бул 2 эле сотых жер. Бирок анын баалуулугу Чечменин тегерегинде ата-бабаларыбыздын мүрзөсү бар. Булак кылымдардан бери бизге карап келген. Акыркы 20-30-жылда Чечменин тегерегин башка өлкөнүн жарандары ээлеп алышыптыр.
Ошондуктан, алар дагы сурады, биз дагы сурадык. Чечме боюнча бир чечимге келе алган жокпуз. Бирок акыркы маалдарда буюрса Чечмени чечебиз деген үмүт пайда болду.Чечмени азырынча чогуу колдонобуз деп гана калтырып койдук», - деди Ташиев.
Булак: NazarNews.kg